ЖЭБдеги авариянын кесепеттери эки-үч күндүн ичинде жоюлат - Энергетика министрлиги

ЖЭБдеги авариянын кесепеттери эки-үч күндүн ичинде жоюлат - Энергетика министрлиги

Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин эки-үч күндүн ичинде жоюу пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Анын айтымында, суу берүүгө чектөөлөр айрым объектилерге карата киргизилген. Муну менен катар министрдин орун басары электр энергиясы үзгүлтүксүз берилерин кошумчалады.

Керимовдун айтымында, Бишкек шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Учурда комиссия кырсыктын себептерин тактоо иштерин жүргүзүүдө.

«Биз эки-үч күндүн ичинде ЖЭБ менен «Бишкекжылуулуктармагы» системасын калыбына келтиребиз деп жатабыз. Система тоңуп калбашы үчүн жылуу суу менен камсыздоо чараларын көрөбүз. Кырсыктын себептерин иликтеп жатабыз. Болжол менен 14-казанда болгон», - деди Керимов.

Эске салсак, Бишкектин ЖЭБда болжол менен саат 02:00дө авария болгон. Буга байланыштуу мектептер онлайн окутууга өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаңда асма аркан жолдун курулушу аяктады

Жыргалаңда асма аркан жолдун курулушу аяктады

Жыргалаңда асма аркан жолдорунун курулушу аяктады. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКнын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Маалыматка караганда, асма аркан жолдорунун иши тесттик режимде иштеди. Ошондой эле унаа жолдорду куруу, Боз-Учук – Жыргалаң жолуна асфальт төшөө, электр энергиясы менен камсыздоо, инженердик жана тейлөөчү инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду ишке

Курулуш компанияларына коопсуздук талаптары милдеттендирилди

Курулуш компанияларына коопсуздук талаптары милдеттендирилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, жыйындын жүрүшүндө курулуш тармагындагы артыкчылыктуу багыттар жана тармактагы талаптарды сактоо маселелери кеңири талкууланды. Оор курулуш техникаларынын унаа жолдоруна тийгизген таасирин жөнгө салуу, курулуш объекттеринде техникалык коопсуздук

Дары-дармектердин баасы жөнгө салынат

Дары-дармектердин баасы жөнгө салынат

Саламаттык сактоо министрлиги бааларды жөнгө салуу жана препараттардын баалары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу механизмдери аркылуу калк үчүн сапаттуу, коопсуз жана натыйжалуу дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча ишти улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, баалар жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесиндеги дары-дармектерге жөнгө салынат, буга төмөнкүлөр кирбейт:

Ысык-Көлдүн жээгине мыйзамсыз курулган тосмо бузулат

Ысык-Көлдүн жээгине мыйзамсыз курулган тосмо бузулат

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан Ысык-Көлдүн жээгинде уруксатсыз курулган тосмо боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка таянсак, Тамчы айылында жайгашкан “American School” балдар лагеринде көл жээгиндеги курулуш боюнча комиссиялык кароо жүргүзүлгөндө У. Э.Д. тарабынан жээкти эрозиядан сактоо