Быйыл фермерлерге Мамматрезервдер фонду аркылуу кошумча 7 млн литр дизель отуну берилет

Быйыл фермерлерге Мамматрезервдер фонду аркылуу кошумча 7 млн литр дизель отуну берилет

Кыргызстанга 2024-жылдагы жазгы талаа иштерине 42.5 миң тонна дизельдик отун талап кылынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын орточо баасы бүгүнкү күндө 71.5 сом болууда. Учурда дизельдик отундун кымбаттыгына байланыштуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкан-фермерлерге 63.5 сомдон дизель отуну берилип жатат.

2023-жылы жалпысынан 3 млн 466 миң литр дизель отуну берилген. Ал эми дыйкан-фермерлер 63.5 сомдук дизель отунунун 770 тоннасын алышкан эмес. Быйыл Мамматрезервдер фонду аркылуу кошумча дагы 7 млн литр дизель отунун берүү каралып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

ChatGPT платформасында жарнаманы тестирлөө башталат

ChatGPT платформасында жарнаманы тестирлөө башталат

OpenAI компаниясы жакынкы убакта АКШда акысыз тарифтерди колдонгон жана ChatGPT Go колдонуучуларынын арасында жарнаманы тестирлөө башталарын билдирди. Компаниянын маалыматына ылайык, жарнама көбүрөөк колдонуучуларга жасалма интеллект куралдарын азыраак чектөөлөр менен же таптакыр акысыз колдонууга мүмкүнчүлүк берүү максатында киргизилүүдө. OpenAI компаниясы төмөнкүлөрдү убада кылды: тестирлөө учурунда өзүнүн жашы 18ге чыга элек экенин

IZhO-2026: Кыргызстандын окуучулары Эл аралык олимпиадада 11 медаль утуп алышты

IZhO-2026: Кыргызстандын окуучулары Эл аралык олимпиадада 11 медаль утуп алышты

Кыргызстандын мектеп окуучуларынан түзүлгөн курама команда математика, физика жана информатика боюнча өткөн XXII Эл аралык Жаутыков олимпиадасында (IZhO-2026) 2 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты. Мындай маалыматты Агартуу министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Олимпиада 2026-жылдын 10–15-январында Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Ага Армения, Азербайжан, Беларусь,

Оштогу "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасы модернизацияланат

Оштогу "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасы модернизацияланат

Ош шаарында "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасы модернизацияланарын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Муниципалитет башчысы Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, ишкананын аймагында жаңы гараж, дан сактоочу кампа жана айыл чарба техникаларын кышкы оңдоодон өткөрүүчү устакана курулуп жатат. Жаңы объекттер жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Учурда мэрдин тапшырмасы менен “Агрардык чарба” муниципалдык

Д.Трамп Гренландия боюнча позициясы үчүн Европанын 8 мамлекетине 10%дык бажы салыгын киргизерин эскертти

Д.Трамп Гренландия боюнча позициясы үчүн Европанын 8 мамлекетине 10%дык бажы салыгын киргизерин эскертти

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын Гренландияны көзөмөлгө алуу аракетине каршы чыккан сегиз европалык өлкөгө 10%дык бажы төлөмдөрү киргизилерин билдиргенин The Guardian басылмасы жазды. АКШ лидери билдиргендей, 1-февралдан тарта Дания, Норвегия, Швеция, Улуу Британия, Франция, Германия, Нидерланддар жана Финляндиядан АКШга экспорттолгон бардык товарларга 10% бажы төлөмү колдонулат. Ошондой эле Трамп