Кыргызстанда өмүрдү кантип камсыздандырышат — эксперт жооп берет

Кыргызстанда өмүрдү кантип камсыздандырышат  — эксперт жооп берет

Финансылык инструмент катары өмүрдү камсыздандыруу Кыргызстандын жарандарынын арасында популярдуу эмес. Бирок, камсыздандыруунун бул түрү коммерциялык банктар жана башка финансылык институттар сунуштаган топтоо инструменттерине жакшы альтернатива боло алат. «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынын башкы директору Данияр Медеров өмүрдү камсыздандыруу боюнча топтоо куралынын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2022-жылы 315 миң камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын дээрлик 59% ыктыярдуу камсыздандыруу болгон. Камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрүнүн 79%ы жеке камсыздандырууга туура келет. Бирок Данияр Медеровдун айтымында, өмүрдү камсыздандыруу жеке камсыздандыруу категориясына кирген менен деле өлкөдө бул анчалык популярдуу эмес.

Кыргызстанда камсыздандыруунун кандай түрлөрү бар?

Камсыздандыруунун өзү көп кырдуу жана керектүү тармак. Бул батыш өлкөлөрүндө абдан өнүккөн жана КМШда динамикалуу өнүгүп келе жатат. Акыркы убакта Кыргызстанда да камсыздандыруу инструменттери жана ага жараша продукттар иштелип чыкты. Мындайча айтканда, КРнын камсыздандыруу рыногун динамикалуу өнүгүп жатат деп мүнөздөөгө болот.

Кыргызстанда камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү каралган. Биринчи учурда, камсыздандыруу мыйзам тарабынан зарыл деп жазылган. Милдеттүү камсыздандыруунун бир нече түрлөрү бар:

  • иш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу
  • кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу
  • кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу
  • ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу
  • транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу (OСАГО)
  • турак жайды милдеттүү камсыздандыруу.
Ошондой эле бизнесмендердин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жана профессионалдар үчүн кээ бир башка продукциялар бар. Мисалы, камсыздандыруу полисин нотариус же бажы өкүлү болуп иштегендер сатып алышы керек. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздандыруу дагы эле мамлекеттин прерогативи болуп саналат.

Ал эми ыктыярдуу камсыздандырууга келсек, ал элдин турмушунун бардык чөйрөсүнө тиешелүү болуп саналат. Сиз каалаган нерсени: мүлктү, транспорт каражаттарын, турак жана турак эмес жайларды, жоопкерчиликти ошондой эле өмүрдү деле камсыздандырып коюуга болот.

Өмүрдү топтолгон камсыздандыруу деген эмне?

Көп учурда адамдар өмүрдү камсыздандырууну кырсыктан камсыздандыруу же ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу сыяктуу камсыздандыруунун башка түрлөрү менен чаташтырып алышат. Өмүрдү топтолгон камсыздандыруу (накопительное страхование) – бул ата мекендик камсыздандыруу компаниялары тарабынан сунушталган толук көз карандысыз жана өзүнчө камсыздандыруу түрү болуп саналат жана аны айырмалай билүү маанилүү.

Өмүрдү топтолгон камсыздандыруу – бул сиздин жашооңуздагы маанилүү окуя үчүн белгилүү бир суммадагы акчаны топтоого мүмкүндүк берүүчү уникалдуу финансылык инструмент. Бул камсыздандыруунун абдан эффективдүү түрү болуп эсептелгени менен, бирок Кыргызстанда ал анча кеңири тараган эмес. Советтер Союзунун тушунда бул куралды көп адамдар колдонушкан. Союз тарагандан кийин инфляциянын кескин жогорулашынан жана аманаттарды жаңы валютада кайра эсептөө зарылдыгынан улам топтолгон каражат жөн эле жок болуп кеткен. Балким, мына ушундан улам мындай камсыздандыруу бүгүнкү күндө ийгиликтүү болбогонунун себептеринин бири болуп саналат.

Кыргызстанда өмүрдү камыздандыруунун мындай түрү кандай иштейт?

Келишимге кол койгондон кийин жеке адам камсыздандыруу компаниясына белгилүү бир сумманы көп убакытка, көбүнчө үч жылдан беш жылга чейин, кээде 10 жылга чейин төлөйт. Камсыздандыруу компаниясы бул каражаттар боюнча пайыздарды төлөйт. Камсыздандыруу камсыздандыруунун эки түрү боюнча же алардын комплекси боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн:

  • Жаран тирүү учурунда. Эгерде адам белгилүү бир жашка же окуяга чейин жашап, камсыздандыруу мөөнөтүнүн аягында ага эч нерсе болбосо, анда камсыздандыруу компаниясы топтолгон сумманы төлөп, пайыздык кирешени кошот.
  • Жаран каза болгон учурда. Камсыздандыруу мөөнөтүнүн ичинде адам кандайдыр бир себептерден улам каза болсо, камсыздандыруу компаниясы камсыздандыруу суммасын мураскорлорго же келишимде көрсөтүлгөн адамга төлөйт. Адатта, кардар топтоону пландаштырган сумма төлөнөт.

Өмүрдү камсыздандыруу менен кырсыктардан камсыздандыруунун айырмасы эмнеде?

Кырсыктан камсыздандырууда жаран камсыздандырылчу сумманы аныктайт. Эгерде камсыздандырылуучу кандайдыр бир оор жаракат алса же майыптыкка учураса, камсыздандыруучу компания камсыздандыруу суммасынын бир бөлүгүн жаракаттын оордугуна же инвалиддик тобуна жараша төлөйт. Мындай төлөмдөр камсыздандыруу суммасынын 100%ына чейин жетип, дарылоого багытталышы мүмкүн.

Каза болгон учурда камсыздандыруу суммасы толугу менен каза болгон адамдын мураскорлоруна кырсык болгон учурда төлөнөт. Бул жерде өмүрдү камсыздандыргандай эч кандай топтоо элементи жок, адам белгилүү бир суммадагы акчаны бир нерсеге узак убакыт бою сактабайт. Ал эми келишим, адатта, бир жыл же андан аз мөөнөткө, мисалы, саякатта же спорттук мелдеште, жаракат алуу коркунучу өзгөчө жогору болгон учурларда түзүлөт.

Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун да аманатка эч кандай тиешеси жок. Мындай камсыздандырууну сатып алган адам камсыздандыруу компаниясынын эсебинен медициналык кызматтарды алууга жана ар кандай медициналык мекемелерде тейлөнүүгө мүмкүнчүлүк алат. Төлөмдүн суммасы медициналык процедуралардын жана сатып алынган дары-дармектердин наркына барабар.

Өмүрдү камсыздандыруунун шарттары кандай?

Ар бир камсыздандыруу компаниясы камсыздандыруунун бул түрүнө ар кандай мамиле жасайт. Мисалы, «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясында «Жашоо сонун» деген программа бар. Бул ар кандай максаттар үчүн каражаттарды топтоого мүмкүндүк берет. Камсыздандырылган адамдын жашы 20 жаштан 61 жашка чейин болушу мүмкүн. Камсыздандыруунун мөөнөтү беш жыл. Топтолуучу сумма камсыздандырылган адамдын муктаждыгына жараша аныкталат.

Камсыздандыруучу компанияны кантип тандаш керек?

Камсыздандыруу компаниясынын туруктуулугуна көңүл буруу зарыл. Компаниянын ишинин статистикасы менен Мамлекеттик финансылык көзөмөл органынын расмий сайтынан таанышууга болот. Анда компания тууралуу, чогулткан сыйлыктары, канча камсыздандыруу төлөмдөрү төлөрү тууралуу маалыматтар камтылган. Камсыздандыруу иш-чаралары мүмкүн болушунча ачык болуш керек.

Ошондой эле компания кандай шарттарды сунуштайт, пайыздар, төлөмдөр жүргүзүлбөй турган өзгөчөлүктөргө көңүл буруш керек. Мисалы, эгерде камсыздандырылган адам өз жанын кыйса же алкоголдук ичимдиктин же баңгизаттын таасиринен улам каза болсо, анда компания камсыздандырууну төлөбөй коюшу мүмкүн, анткени мындай өлүмдөр келишимде камсыздандыруу окуясы катары каралбайт. Ошондуктан, камсыздандырууну сатып алуу жана камсыздандыруу документтерине кол коюу жөнүндө чечим кабыл алуудан мурун компания сунуш кылган камсыздандыруу программаларын кылдат изилдеп чыгуу зарыл. Суроолорго да кайдыгер карабаш керек — түшүнүксүз бөлүмдөр жана жоболор боюнча компаниянын кызматкерлеринен түшүндүрмө алган оң.

Read more

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек. Акча которуулардын артыкчылыктары: * Комиссия 0%* * Которуулар бир заматта чегерилет * Ыңгайлуу конверсия курстары «Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот: * "Рекомендуем"

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Талас облусундагы Жерүй ГЭСин «Альянс Гидро» жана РКӨФ компаниялары курат. Тараптардын ортосундагы келишимге 12-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунда кол коюлган. «Альянс Гидро» компаниясынын жетекчиси Александр Абрамов белгилегендей, тараптар ГЭСтин курулушун 25 млн долларга каржылоо боюнча келишимге кол коюшту, анын кубаттуулугу жылына 100гө жакын мегаваттка чейин жетет, жылына 1