Wildberries Кыргызстанда өндүрүшүн ачса, кыргыз тигүүчүлөрүнө конкуренция болот — Рысгүл Акимжанова

Wildberries Кыргызстанда өндүрүшүн ачса, кыргыз тигүүчүлөрүнө конкуренция болот — Рысгүл Акимжанова

"Бай Элим" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Рысгүл Акимжанова Wildberries компаниясынын директору Татьяна Бакальчуктун Кыргызстанга келүү максаты жөнүндө өз пикирин айтты. Эскерте кетсек, Бакальчук 23-июнда Бишкекте өткөн E-comkg 2023 форумуна катышууга келген эле жана ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен инвестициялык долбоорлорду да талкуулаган.

Төмөндө кыргызстандык ишкер Рысгүл Акимжанованын Wildberries Кыргызстанда өндүрүшүн ачса кандай болоору тууралуу пикирин түз беребиз.

"Кыргызстандын тарыхында "Made in Kyrgyzstan" маркасын көтөрүп, эң чоң көлөм менен экспортто өзүнүн ордун тапкан бирден бир продукт — бул тигүү тармагы. Чек ара көйгөйү турса да, бизде чийки зат жоктугуна, аны Кытай, Түркия, Өзбекстандан ташып келгендерине карабай, мамлекет тараптан колдоо болбосо да, биздин жеңил өнөр жай тармагы экспортто жана экономикада өтө чоң секирик жасады.

Азыркы убактагы тикмечилердин жетишсиздиги, бул өндүрүштүн чоң масштабга чыгып, чоңойгонунан кабар берет. Бул жактан жеңил өнөр жайчыларга туруп кол чаап, баш ийип таазим кыла турган жердебиз. Бир да жолу жеңил өнөр жайы үчүн мамлекет тарабынан колдоо программасы иштелип чыккан жок. Ушул кыйынчылыкка карабай, сырттагы рынокто өзүнүн ордун таап, аны бекемдеп алганынын сырлары эмнеде? Сыры сапатында! А бул сапат жылдар бою маңдай тер менен сүртүлгөн тажрыйба аркылуу келген. Ар бир тигүүчүлөр азаматсыздар! Ошончо кыйынчылыкка карабай, азыр тикмечилер Wildberries маркет плейске түзмө-түз чыгып иштеп, алардын өзүнө түз конкурент жаратып, алардын көзүн кызартып турган чагы.

Wildberries келсе 20 га жер берилип, ага инвестиция тартылат дешти. Кол чаап сүйүндүк. Мейли жер беришсин, тигүү заводун ачсын, бирок ага биздин жарандар иштейт деген кепилдик барбы? Ал жерге Бангладештен арзан миңдеген тигүүчүлөрдү алып келип, чийки затты арзан, оптом сырттан алып кирип, чоң көлөмдө кийим тигип, аны жеңилдетилген жолдор менен Wildberries өзү сатса, анда биздин швейниктер бул конкуренцияга чыдай алышпай, чекесинен банкрот болоору турган иш.
Мен, мисалы, Wildberries тараптан өзүнүн сатуу платформасын кыргыз өндүрүшчүлөрү үчүн жеңилдетебиз деген позициясын көрбөдүм, демек, биздин тигүүчүлөргө кайра конкуренция түзүп, аларды соода аянтча рыногунан сүрүп чыгуу үчүн Wildberries кирүү, жеткирүү жана төлөө жолдорун татаалдатат.

Андан көрө ошол 20 га жерди биздин легпромдогу ишкерлерге бөлүп берип, аларга жеңилдетилген кредит берилсе, биздин өндүрүшчүлөр бир жылдын ичинде өздөрү эле ошол Вайлдберристин көлөмүнө чыгышмак. Пайданын (маржа) баары Кыргызстанда калмак. Бир нече жумушчу орун түзүшмөк. Бир чоң монополист "игрокко" эмес, бири-бирине жана кошуна өлкөлөрдүн өндүрүшүнө конкуренция болгондуктан, тигүү тармагы мындан да көбүрөөк өнүкмөк. А өкмөттүн бул жердеги чоң ролу, ошол Wildberriesке кирүү, сатуу жолдорун жеңилдетип, биздин ишкерлерге саткан акысын төлөө убактысын кыскартып жана жеңилдете турган жолдорун сүйлөшүп бериш керек. Логистикасын жөнгө салып, чек ара маселесин чечүү керек. Мындай позициядан жергиликтүү өндүрүшчүлөр да, логисттер да, банк системасы да өнүкмөк.

Wildberries келсин, бирок өндүрүшчү катары эмес, өзүнүн сатуу платформасын ачып, сатуу базары катары келсин. Ички рыноктогу өндүрүүчүлөрдүн өндүрүшүн сырттан келген товарлар басып койбоо үчүн ички рынокту коргоо саясаты күчтүү болушу керек. Бул саясат өлкөнүн өнүгүү кызыкчылыгын эң биринчи орунга коет", — дейт Акимжанова өзүнүн Facebook баракчасындагы билдирүүсүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

"Чакан ГЭС" ААКсы Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдор курулуп, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат. Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоор

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз сатылган жер тилкеси аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Аныкталгандай, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткен. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд

Кыргызстандын делегациясы Кореяда “акылдуу” айыл чарба боюнча тажрыйба алды

Кыргызстандын делегациясы Кореяда “акылдуу” айыл чарба боюнча тажрыйба алды

Кыргыз Республикасынын делегациясы Корея Республикасында өткөн билим жана тажрыйба алмашуу программасына катышты. Делегацияны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү боюнча министрдин орун басары Асель Кененбаева жетектеди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Делегациянын курамына “АгроСмарт” мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызмамасылтукум” мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк

Трамактык комитет венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Трамактык комитет венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты стартаптарды, стартап-экосистеманы жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү үчүн венчурдук инвестицияларды тартууга жагымдуу укуктук шарттарды түзүү болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунда бир катар негизги түшүнүктөрдү мыйзамдык деңгээлде бекитүү сунушталууда. Алардын катарына "