Ысык-Көл аэропортунда CIP-зал ачылат — мунун Тамчыда ачылчу казино менен байланышы барбы?

Ысык-Көл аэропортунда CIP-зал ачылат — мунун Тамчыда ачылчу казино менен байланышы барбы?

Тамчыдагы Ысык-Көл аэропортунун жаңы терминалында "маанилүү" жүргүнчүлөрдү учуруу жана тосуп алуу үчүн CIP-зал (Commercial Important Person) болот. Economist.kg бул ошол эле аймактагы "Тамчы" оюн-зоок аймагынын курулушуна кандайдыр бир байланышы болгонуна байкоо салды.

CIP-залдары рейстерди ыңгайлуу күтүү үчүн түзүлгөн. Мындай залда жүргүнчү тамак ичип, иштеп, окуп же интернетте убакыт өткөрө алат. Ал эми бул учурда тейлөө кызматкерлери аны рейске каттап, жүгүн текшерип, учуучу жерге чейин узатып, ал эми жаңы эле консо терминалдан белги менен тосуп алышат. CIP-залдарындагы тейлөө деңгээли аэропорттун жөнөкөй бизнес-залдарына караганда жогору, бирок VIP тейлөө зонасына караганда төмөн.

Белгилей кетсек, "Манас" эл аралык аэропортунда бизнес-зал жана VIP-зал бар, бирок CIP-зал жок. Кыргызстандын бардык аэропортторунун оператору MAMдын басма сөз кызматы билдиргендей, КРдагы CIP кардарларын тейлөө зонасы жаңы Ысык-Көл аэропортунда гана болот.

CIP залдарын аэропорттор гана эмес, авиакомпаниялар да ача алат. Мындан бир нече жыл мурун "Түрк аба жолдору" Москванын Внуково аэропортунда ачкан.

Акчасы бар каалаган жүргүнчү CIP-залга кире алат жана ал жерде кардарды капчыгынын калыңдыгына жараша тосуп алышат. Кээ бир каттамдарда мындай артыкчылыкты авиакомпаниялар беришет.

Азырынча Ысык-Көл аэропортуна кыргыздын атактуу көлүндө эс алууну каалаган туристтер гана учушууда. Тамчы айылына жакын жайгашкан аэропорттун өзү жайкы эс алуу мезгилинде гана иштейт. Ысык-Көлгө келген коноктордун көбү эконом-класс менен келишет. Алардын басымдуу бөлүгү CIP-залынын артыкчылыктарынан пайдаланууну каалары күмөн.

Бирок аэропорттун аймагында бай жүргүнчүлөрдү тартуунун башка зоналарын ачуу менен курулушу пландалып жаткан CIP-залынын ачылышы өзүн акташы мүмкүн. Анын "бири" Ысык-Көл аэропортуна жакын жерде ачыла турган Тамчыдагы казино болушу мүмкүн.

Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында Экономика министрлиги Кыргызстанга казино ойноо үчүн келген чет элдиктердин визасын жокко чыгарууну сунуштаган. Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандагы казиного келгендер чек арадан паспорт менен өтө алышат. Чет элдиктер чек арадан өткөндөн кийин Кыргызстандын башка аймактарына барбай эле дароо кумар оюндарын ойноого барыш керек болот.

Өкмөт болсо кумар оюн зонасынын конокторуна визаны алып салуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынса, андай туристтер Кыргызстандын калган аймактарына өтүп кетпей, аэропорттон казиного кантип түз кетишерин такташы керектигин айткан. Бул жагынан караганда аэропорттогу мындай зал бул маселени чечүүнүн бир варианты экени байкалат.

Economist.kg сайтынын Ысык-Көл аэропортундагы CIP-залын куруу казиного бир байланышы барбы деген суроосуна МАМ терс жооп берди.

"CIP залы бизнес-зал сыяктуу эле жогорку комфорттогу зал. Анын кумар бизнесине, казиного эч кандай тиешеси жок", — деди MAMдын маалымат кызматы.

Мындан тышкары окуңуз

Баткен облусунда турак жайды камсыздандыруу  1,4%га өстү

Баткен облусунда турак жайды камсыздандыруу 1,4%га өстү

Баткен облусунда турак жайын камсыздандыргандардын саны 1,4%га жогорулаганын "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткен филиалынын директору Жайлообек Жакшылыков билдирди. Директор белгилегендей, жыл башынан бери турак жайы зыянга учураган 4 жаранга 489 миң сом төлөнүп берилди. Ал эми 2025-жылы облуста 13 жаранга жалпы 1 млн 636 миң

Парламентте асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынды

Парламентте асыл тукум мал чарбачылыгы жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоору асыл тукум жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анын негизинде өлкөдөгү мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн Кыргызстанда асыл тукум ишин регламенттештирүүчү жана жөнгө салуучу

Жогорку Кеңеште суу тарифин 37 сомго чейин көтөрүү сунушталды

Жогорку Кеңеште суу тарифин 37 сомго чейин көтөрүү сунушталды

Депутат Табылды Муратбеков Кыргызстанда ичүүчү суу үчүн тарифтерди көтөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, өлкө боюнча орточо тариф 14,38 сомго өскөндө 1 метр куб суунун баасы 36,99 сомго жетиши мүмкүн. Депутаттын пикиринде, учурдагы тариф суу камсыздоо кызматтарынын реалдуу чыгымдарын жаба албайт. Финансылык жетишсиздиктен айрым облустардагы суу түтүктөрү эскирүүгө учурап, суу

ЖК депутаты журналисттердин турак жай, маяна маселесине көңүл бурууну сунуштады

ЖК депутаты журналисттердин турак жай, маяна маселесине көңүл бурууну сунуштады

Өлкөдө журналисттердин турак жай маселесинен баштап айлык акысына чейин көңүл буруу зарыл экенин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова билдирди. Анын айтымында, учурда коомчулукту такталган маалымат менен камсыздоодо журналисттердин эмгеги бааланышы зарыл. Азыр алардын маянасы 13 миңден 20 миңге чейин, эң көп алганы 30 миң сом. Мындан улам эл өкүлү