Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Эмне үчүн Кыргызстан ЕАЭБдеги автоунаа хабына айланып калды жана ал эмнеге коркунуч туудурат?

Ишкер Media
Эмне үчүн Кыргызстан ЕАЭБдеги автоунаа хабына айланып калды жана ал эмнеге коркунуч туудурат?

2022-жылдын аягында Кыргызстанга 2021-жылга салыштырмалуу 3.1 эсеге көп автоунаа импорттолду – 13.1 миң долларга караганда 538.6 млн долларга 41.2 миңге жакын унаа келди. 2023-жылы бул рекорддук көрсөткүч 4.3 эсеге өсүп, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында эле КРга 483.5 млн долларлык 41 миң автоунаа импорттолгон. Салыштыра турган болсок, 2022-жылы бул 9.5 миң көрсөткүчтү берген эле.

Улутстаткомдун маалыматы боюнча, КРга импорттолгон чет элдик автоунаалардын саны боюнча Түштүк Корея алдыңкы позицияны ээледи – 2023-жылдын алгачкы төрт айында кыргызстандыктар ал жактан 12.3 миң жеңил унааны (толук 2022-жылдагыга караганда 1.7 миңге көп) импорттоду.

  • Корея –  12.3 миң
  • АКШ – 9.2 миң
  • Япония – 4.5 миң
  • Россия – 4.0 миң
  • Кытай – 3.5 миң

Жогоруда айтылган өлкөлөр буга чейинки лидерлер Грузия менен Германияны четке сүрүп, Кыргызстанга автоунаа экспорттоочу алдыңкы беш өлкөнүн катарына киришти.

Кыргызстандагы эң ири авторесурс болгон Mashina.kg сайтынын башкы директору Тилек Ешеналиевдин айтымында, Кыргызстандан Россия менен Казакстанга автоунааларды жеткирүү 11 эсеге көбөйгөн. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында казакстандыктар менен россиялыктар КРдан 2712 автоунаа сатып алышкан. 2022-жылдын январь-апрель айларында бул сан 244тү эле көрсөткөн болчу.

«Санкциялардан улам Россияга автоунааларды алып кирүү жабылды. Натыйжада, акыркы убакта биздин сайтка келген трафик көбөйдү. Биздин сайтта адамдар издеген негизги сөздөр бар. Алар "Авто из Киргизии" деп издешет. Мындай сөздөрдү орустардан башка ким жазат? Ошентип Кыргызстанга келген унаалар, андан ары Россияга сатылууда. Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланды”, — дейт Тилек Ешеналиев.

Корей унааларынын рекорддук импортуна эмне себеп болду, Кыргызстандан жана КМШ өлкөлөрүнөн келген сатып алуучулар арасында кандай унаалар суроо-талапка ээ жана эмне үчүн чет элдик машинаны сатып алуу россиялыктарга маселе жаратышы мүмкүн? Жооптор төмөнкү серепте.

Суроо-талап сунушту жаратат... жана арзан бажылык жол-жоболоштурууну

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстанга ташылып келинген автоунаалардын көлөмүнүн өсүшүнүн негизги себеби жана алардын Россияга  реэкспорттолушуна Москва менен Киевдин ортосунда чыккан конфликт себеп болгон. Ал өз кезегинде "серый импорт" жана ошондой эле жеңил унааларга арзан бажы алымдарынын ставкалары түшүнүгүн пайда кылды. Россияга каршы санкциялар Батыштын авто-бренддерин орус рыногун таштап кетүүгө мажбурлады. Ошол эле маалда орустар өздөрүнө компромисстик жол таап, Кыргызстанга алынып келинген арзан "корей" унааларын ала башташты.

"Бул өлкөдө ЕАЭБдин алкагында бажылык тариздөө үчүн эң ыңгайлуу шарттар бар. Мындан тышкары, жергиликтүү өзгөчөлүктөр жана санкциялар бажы салыгы төлөнүүчү унаанын баасын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет, — деп белгилейт "Новые известия" басылмасы орусиялык блоггер Михаил Жуховицкийге шилтеме берүү менен. – Негизи Кыргызстанга жеткирүүсү бар унаа 80 миң доллар турат. Бирок КР бажысында баасы 30 миң доллар деген документти көрсөтүп жатышат. Ошого жараша бажы төлөмү чыныгы баадан эмес, 30 миң доллардан төлөнөт. Дагы бир мисал, мен Кытайдан 6000 долларга сатылып алынган ондогон жаңы Camry унааларын көрдүм. Мен КРын 15 ири автосалондорун жана автомобиль базарын кыдырдым. Баардык унаалар бажыдан арзан баада өткөрүлөт. Баанын 50% -60% бажыда көрсөтүлсө жакшы, бирок бул сейрек көрүнүш. Массалык моделдер баанын 15%-20% менен көрсөтүлөт".

Блогердин жүйөлөрүн Кыргызстандын дилерлери да ырастап жатышат. Economist.kg басылмасына маалымат берген ишкер Эрмек Кадыровдун айтымында, Түштүк Кореядан башка өлкөлөргө унааны өткөрүүдө бажыдан инвойс жазылып, анда сатып алуу баасы, кыймылдаткычынын көлөмү, күйүүчү майдын түрү жана унаанын классификациясы эске алынат. Бирок КРда бир аз башкача эрежелер бар.

"Россияда инвойсту төмөндөтүүгө болбойт, бирок Кыргызстанда мындай чектөөлөр жок, ошондуктан бажыда жол-жоболоштуруу үчүн эсептөө унааны импорттоп көрсөткөн суммадан келип чыгат. Натыйжада, Россияда бажыдагы жол-жоболоштуруу КРга караганда 100%, Казакстанда 50%га кымбат. Мисалы, 2022-2023-жылкы BMW X5 үлгүсүндөгү автоунааны бажыдан өткөрүү Кыргызстанда 7-8 миң доллар, Казакстанда 10-12 миң доллар, Россияда 15-16 миң долларды түзөт. Ошондуктан автобайерлер Кыргызстан аркылуу автоунааларды ташып жатышат, алар республиканын аймагында бажыдан өткөрүшөт, кийин транзиттик номерлер менен Казакстанга же РФга жөнөтүшөт", деп белгиледи ата мекендик автодилер.

Алып келүү мөөнөтү кыскарды

Өзгөчө 2023-жылы КРга ташылып келинген автоунаалардын санынын көбөйүшүнө унааларды жеткирүү мөөнөтү да таасирин тийгизди. Үстүбүздөгү жылдын март айына чейин жеткирүүлөрдүн логистикасы мындай болгон: унаалар Кореядан Кытайга жөнөтүлүп, андан кийин унаалар Казакстан менен чек арадан өтүп, ал жактан автоунаалар Кыргызстанга келчү. Бул схема боюнча машиналарды жеткирүүгө 45-50 күн жана андан көбүрөөк кетчү.

"Март айынан тарта кыргызстандыктар автоунааларды жеңилдетилген логистикалык схема боюнча ташый баштады. Сатып алгандан кийин биз унааларды паром менен Кореядан Кытайга ташыйбыз, ал жактан портто автоташуучуларга жүктөп, түз эле "Иркештам" өткөрмө пунктуна жөнөтөбүз. Кытай менен чек арада унаалар кайрадан Кыргызстандын автоташуучуларына жүктөлүп, республиканын аймагына түз алынып келинет. Бул каттам боюнча жеткирүү убактысы орто эсеп менен 20-25 күнгө созулат, бирок 14 күндө эле келип калган учур дагы болгон. Тездетилген жеткирүүнүн баасы орто эсеп менен 4000 долларды түзөт", деп түшүндүрдү Эрмек Кадыров.

Россия менен Казакстандын жарандары кандай автоунааларды сатып алышууда?

Economist.kg булагынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө эң чоң суроо-талап 30 миң доллар же андан кымбатыраак жаңы же "бир аз колдонулган" комфорт жана башкаруу классындагы унааларга байкалууда. КРга Кореядан алынып келинген мындай он унаанын тогузу акырында Казакстанга жана Россияга экспорттолот. Ошол эле маалда россиялыктар 2022-2023-жылдары чыгарылган автоунааларды жактырышса, казакстандыктар 1 жаштан 5 жашка чейинки унааларды сатып алышат.

Кесепеттери кандай болот?

Жогорудагы айтылган факторлор кыргызстандык автодилерлер тарабынан жасалып, Россиядан келген сатып алуучулар үчүн автоунаалардын баасына таасирин тийгизүүдө. Бирок, Кыргызстанда бажыдагы жол-жоболоштуруу учурунда көрсөтүлгөн инвойстогу арзан баалоо схемасы россиялыктар үчүн жагымсыз “сюрприз” болушу мүмкүн. Россиялык ЖМКлар жазгандай, кореялык авто өнөр жайынын товарларынын РФга импорту ушул эле деңгээлде улана берсе, Кыргызстан аркылуу Россияга ташылып келинген унаалардын паспорту (ПТС) алынып салынышы мүмкүн. Ал эми кеп он миңдеген унаалар жөнүндө болуп жатат.

Бажы органдары өз ара сүйлөшө турган болсо, ПТС жокко чыгарылганга чейинки санкциялар болот. Бул машинага ээлик кылуунун маанисин жок кылат. Мындай унаанын бөлүктөрүн гана сатууга болот", – деп болжолдоду блогер Михаил Жуховицкий.

КРдагы автодилерлердин арасындагы булактар Economist.kg басылмасына россиялык ЖМКларда айтылган кырдаал чындап эле бар экенин жана көрсөтүлгөн масштабга ээ экенин тастыкташты. Ошол эле учурда, Россиянын Улуттук автомобиль союзу ПТСны жокко чыгарууга жеткирбейт деп эсептейт.

Россиянын Улуттук Жыйынынын вице-президенти Антон Шапарин: "Бажы төлөмдөрдүн талаптары менен гана чектелет. Менин оюмча, алар кандайдыр бир механизмди ойлоп табышат жана бул массалык түрдө жасалат", – деди ал.

Шапариндин көз карашын россиялык көз карандысыз автоэксперт Сергей Бургазлиев да колдойт, ал унаа ээлерине доомат коюу кыйынга турат деп эсептейт.

"Формалдуу түрдө азыр Кыргызстандан Россияга автоунаа алып келүүдө ПТС жеке же фирма тарабынан мыйзамдуу түрдө берилген болсо, укукту жокко чыгарууга эч кандай жол жок, дейт эксперт. Эгерде бийлик транспорттун паспортун алып салуу же кандайдыр бир башка кескин чаралар көрүлсө, бул социалдык чыңалуунун толкунун жаратат".

Азыркы учурда, бул кырдаалда коркунуч туудурган – унаанын баасын төмөн баалоо жана төлөнбөй калган төлөмдөр болуп саналат, бирок бул акыркы сатып алуучуларга таасир этпейт.

"Бажы мыйзамдарына ылайык, декларант товарлардын наркы жөнүндө декларацияланган маалыматтын тактыгы үчүн жооп берет. Бажы органдары Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде алардын наркы жөнүндө жалган маалыматтардын белгилери бар жеңил автоунааларды декларациялоо фактыларын аныктайт. Эгерде мындай учурлар декларация жүргүзүлгөн ЕАЭБ мамлекеттеринин бажы администрациялары тарабынан аныкталса, бажы контролу товарлар чыгарылгандан кийин жүргүзүлөт, анын натыйжасында, кошумча жыйымдар төлөнүүгө тийиш", — деп түшүндүрдү Россиянын Федералдык бажы кызматы.

Кийинки сөздүн ордуна

Маанилүү нерсе, кореялык унаалардан кийин, немец автоунаа өнөр жайынын продукцияларына да Россиядан суроолор пайда болушу мүмкүн.

Deutsche Welle маалымдагандай, Германиядан Борбор Азия өлкөлөрүнө автоунаалардын экспортунун көбөйүшү байкалууда, бул аларды РФга параллелдүү импорттоо үчүн активдүү колдонуунун белгиси катары бааласа болот. Учурда КМШ өлкөлөрүнө жалпысынан автоунааларды жеткирүүнүн көлөмү көп деле өскөн жок. Ошол эле учурда Кыргызстан менен Казакстанга автоунаалардын импортунун табигый эмес көбөйүшү катталган.

«Эң ачуу мисал Кыргызстан. Болжол менен 7 млн калкы бар бул өлкө 2021-жылдын алгачкы төрт айында 15 млн евролук немис продукциясын импорттосо, азыр, эки жылдан кийин, сатып алуулар 230 млн еврону түздү. Бул 15 эседен ашык өсүш", деп билдирет Германиянын Федералдык статистика департаменти Deutsche Welle.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости