Кыргызстандагы санкцияга илинген компаниялар жоопкерчиликке тартылат – Экономика министрлиги

Кыргызстандагы санкцияга илинген компаниялар жоопкерчиликке тартылат – Экономика министрлиги

АКШнын санкциясына илинген кыргызстандык төрт компаниянын Россияга жөнөткөн "кош маанидеги товарлары" чек арадан өткөндүгү тууралуу КР Экономика министрилиги Казакстанга расмий кат жолдогон. Бирок расмий жооп келе элек. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Назарбек Малаев "Би-Би-Си" кыргыз кызматына билдирди.

"Дрондор боюнча Казакстан тарапка расмий кат жолдодук. Бирок, расмий жооп ала элекпиз. Бул чындыгында Кыргызстандан чыктыбы же башка өлкөдөн чыктыбы? Бизге азырынча расмий маалымат келе элек. Эгерде расмий бизден чыккан болсо, кош маанидеги товар үчүн жоопкерчилик болот. Мыйзам чегинде киргизген компания дагы, чыгарган компания дагы жоопкерчиликке тартылат. Жазасы, биринчи этапта – айып салынат. Экинчи этапта дагы буза турган болсо, биз анда башка инстанцияларга өткөрүп беребиз", – деди министрдин орун басары.

Малаев аталган маалымат каражатына бул санкция салынган ишканалардын ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизип, алардын ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир чектөөлөр болушу мүмкүн экенин, бирок жалпы экономикага олуттуу таасир тийгизбей тургандыгын айтты.

"Анткени биз мурдагы макулдашууларга ылайык, бардык тараптар менен толук милдеттенмелерди аткарып, соода-сатык жүргүзө беребиз. Негизинен бул жерде кош маанилүү товарлар жөнүндө сөз болуп жатат. Мындай товарлардын бизде Улуттук тизмеси 2014-жылдан бери бар. Ал тизмеге үч миңге чукул товар кирген. Ошолорду көзөмөлдөөнү улантабыз", – деди ал.

Мындан ары кыргызстандык компаниялар санкцияга кирбейт деп күтүүгө болобу деген суроого Экономика министринин орун басары ишеничтүү прогноз бере албай турганын билдирди. Анын айтымында, Экономика министрлиги эл аралык деңгээлдеги, република мүчө болгон бардык келишимдерди аткарат.

"Ошол эле ЕАЭБдин алкагында бардык милдеттенмелерибизди аткарабыз. Соода саясатында дагы ошол эле принцип менен иштейбиз. Бул жерде кош маанидеги товарларды көзөмөлдөө абдан маанилүү"
"Биз кош маанидеги товарды бүгүнкү күндө Кыргызстандан чыгарып жатканда, дүйнөлүк практикага ылайык, алуучу тараптан товардын акыркы колдонуучусунун сертификатын сурайбыз. Башка мамлекеттеги ыйгарым укуктуу органдан ТИМ аркылуу ошол сертификатты тактайбыз. Мисалы, жардыргыч зат деп коёлу, ошону башка мамлекетке чыгара турган болсок, ошол мамлекеттен акыркы колдонуучунун сертификатын сурайбыз", – деди Малаев.

Санкцияга илингидей Кыргызстан Россияга эмнелерди экпорттоду эле?

Factcheck.kg КР менен РФнын экспорттук-импорттук соода операцияларын талдап, 2022-жылы 8 айда эле Кыргызстан Россияга 10 млн сомдук куралдардын мээлөө дүрбүлөрүн экспорттогонун билдирген.

Мээлөө дүрбүлөрү, перископтор жана топтун башка товарлары республикага негизинен Кытайдан 18 млн сомдон ашык суммага 956 даана, Япониядан  – 21 млн сомго 122 даана, АКШдан – 9.3 млн сомго 177 аспап алынып келинген.

Бирок алынып келинген товардын баардыгы Кыргызстандын аймагында калган эмес. 300 миң сомго бир аспап АКШга экспорттолгон. Дагы 10 млн сомго 285 даана Россияга жиберилген.

Аталган порталдын журналисттери 2021-жылга салыштырмалуу бул топтогу товарлардын импорту үч эсе өскөнүн, өткөн жылы Кыргызстанга ушундай товарлардан 30 млн сомго 514 даана алынып келингенин айтышат.

Ал эми өткөн жылы экспорт 2021-жылга салыштырмалуу 7 эсе өскөн – былтыр 1.3 млн сомго 41 аспап экспорттолгон (бир гана Россияга).

2020-жылы бул топтогу товарлардын 599у Кыргызстанга алынып келинген, анда бирок экспорт нөлгө барабар болчу.

Куралга коюлуучу телескоп мүнөздөгү мээлөө дүрбүлөрүнүн Россияга экспорту 7 эсе өсүп, алардын суммасы 10 млн сомду түзгөн.

Эскерте кетсек, АКШнын Финансы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы Россия Украинага толук масштабдуу кол салууну баштагандан бери электроника тетиктерин жана башка технологияларды экспорттогон деген айып менен КРнын төрт компаниясына карата санкция киргизген болчу. Буга чейин кыргызстандык дагы бир ишкана АКШнын кара тизмесине кирген болчу.

Алар:

  • RM Design and Development ЖЧК, 2022-жылдын март айында түзүлгөн. Компания Кыргызстанда жайгашкан жана электрондук жана телекоммуникациялык жабдууларды жана тетиктерди сатат.
  • «Прогресс Лидер» ЖЧКсы 2022-жылдын март айында Россиянын жараны Татьяна Иванова тарабынан түзүлгөн.
  • «ГТМЭ Технологии» ЖАК, Кыргызстанда 2022-жылдын июнь айында катталган. Компания Россияга ондогон товарларды, анын ичинде тантал конденсаторлору жана электрондук интегралдык микросхемалар сыяктуу товарларды жөнөттү.
  • «Карголайн» ЖЧК, 2022-жылдын март айында негизделген. Компания Россияга миллиондогон долларлык чет элдик учактарды, анын ичинде түздөн-түз АКШнын экспорттук көзөмөлүндөгү авиакомпанияларга жеткирген.

Жогоруда аталган компаниялар экспорттогон товарлар 2014-жылдан бери улуттук тизмеге кирген "кош маанидеги товарларга" кирет. Кош маанидеги товарлар бул – тынч мезгилде өнөр-жай, айыл чарба ж.б. тармактарга дагы колдонула берет. Ошол эле мезгилде массалык курал-жарактарды жасоодо, массалык кыргынга учурата турган каражаттарды даярдоодо дагы колдонулушу мүмкүн болгон товарлар. Химикаттар, ядорлук заттар болушу мүмкүн.

КР Экономика министрлиги болсо бул окуя өткөн жылы болгонун, ал эми батыштын талаптары быйыл эле коюлганын айтууда.

"Бул 2022-жылы болгон окуя болуп жатат. Бизге Америка, Европа биримдиги тарабынан [талаптар -ред] ушул жылы келген. Ушул жылы биз түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Ошондон кийин тийиштүү чаралар көрүлө баштаган. Биз ал окуя "былтыркы маалымат, Казакстан расмий түрдө жооп бере элек бизге" деп айтып жатабыз", – дейт КР Экономика министринин орун басары Малаев.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК депутаты  1,3 коэфицентин алып салууга каршылыгын билдирди

ЖК депутаты 1,3 коэфицентин алып салууга каршылыгын билдирди

2026-жылдын 20-январында өткөн Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Медербек Саккараев кайра жаралуучу энергия булактарын (ВИЭ) колдонуу менен алынган электр энергиясын кепилдик менен сатып алууда 1,3 коэффициентин алып салууга каршы экенин билдирди. Анын пикиринде, азыркы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай

Таштандыны кайра иштетүүчү завод 49 миң тонна таштандыны  иштетти

Таштандыны кайра иштетүүчү завод 49 миң тонна таштандыны иштетти

Мэр Айбек Жунушалиев "Кабар подкаст" берүүсүнө берген маегинде Бишкек таштанды полигонуна Кытай инвесторлору курган таштандыны кайра иштетүүчү завод ачылгандан бери 49 миң тонна таштандыны кайра иштеткенин билдирди. Буга улай шаар мэри бир заводдун аркасы менен дагы үчөө курулуп, ишке киргизилгенин баса белгиледи. Анын айтымында, жакынкы арада заводдун жанындагы

Бишкек шаарында 380 мыйзамсыз объект суу коргоо зоналарынан алынууда

Бишкек шаарында 380 мыйзамсыз объект суу коргоо зоналарынан алынууда

Бишкек шаарында суу коргоо зоналарында мыйзамсыз жайгашкан объекттерди бузуу боюнча пландуу иштер уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Учурда Аламедин дарыясынын нугунда жайгашкан "Кекеев" кафесин бузуу иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада жалпы аянты 2 380 чарчы метр болгон муниципалдык жер бошотулду. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан доо-кат (эскертүү) кат берилгенден кийин,

Эмне үчүн айрым ишкерлер Qr код же электрондук капчык аркылуу төлөмдөрдү кабыл албай жатышат?

Эмне үчүн айрым ишкерлер Qr код же электрондук капчык аркылуу төлөмдөрдү кабыл албай жатышат?

Базарларда же соода түйүндөрүндө кээ бир жеке ишкерлер нак акча менен соода кылууну талап калып жатканы азыр жарандар арасында түшүнбөстүк жаратууда. Массалык түрдө аталган жагдай байкалбаганы менен мындай фактылар бар. Буга байланыштуу Мамлекеттик Салык кызматынын банктар менен өз ара иш алып баруу боюнча башкы инспектор Аяна Айтиева бүгүн Биринчи радиого