Кыргызстан Кытайга товар жеткирүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда турат

Кыргызстан Кытайга товар жеткирүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда турат

Кыргызстан Кытайга товар экспорттоо боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда турат. Мындай маалыматты Кытайдын Бажы башкармалыгынын биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыгына таянып Eurasianet.org жазды.

Аталган ЖМК белгиленгендей, Борбордук Азия өлкөлөрү менен сооданын жалпы балансы Кытайдын пайдасына болгон, ал биздин чөлкөмгө 26.4 млрд долларга жакын товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттосо, импорт болгону 12.9 млрд долларды түзгөн.

Кытай департаментинин маалыматы боюнча, Кытай менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 26.8%га өсүп, 6.1 млрд долларды түзгөн. Анын ичинен Кытайдан келген товарлар – 5.46 млрд долларды, Өзбекстандан импорт – 629 млн долларды түздү. Ошол эле учурда Өзбекстандын Статистика агенттиги башка маалыматтарды берди. Маалыматка ылайык, соода жүгүртүү 5.27 млрд долларды түзсө, анын ичинен Кытайдан экспорт – 4.23 млрд доллар, импорт – 1.03 млрд долларды түзгөн.

Кытайдын Бажы башкармалыгынын статистикасына ылайык, калган өлкөлөр менен жыйынтыктар төмөнкүдөй болгон:

  • Казакстан: товар жүгүртүү 26.8%га көбөйүп, 18.25 млрд долларга чейин жеткен, анын ичинен Кытайдан экспорт – 10.6 млрд доллар, импорт – 7.6 млрд доллар.
  • Кыргызстан: соода жүгүртүү 27.6%га өсүп, 7.91 млрд долларды түздү. Анын ичинен Кытайдан экспорт – 7.89 млрд долларды, импорт – 25 млн долларды түзөт.
  • Тажикстан: соода жүгүртүү 84.7%га өсүп, 2.11 млрд долларды түздү. Негизинен Кытайдан экспорт – 1.96 млрд доллар, импорт – 151 млн долларды түзгөн.
  • Түркмөнстан: товар жүгүртүү 12.3%га өсүп, 5.55 млрд долларды түздү, анын ичинен Кытайдын экспорту – 474 млн долларды, импорт – 5.076 млрд долларды түздү, анын негизги үлүшү 5.058 млрд долларды газ менен камсыздоого туура келген.

Ошентип, Кыргызстан биринчи жарым жылдыкта Кытай менен соода жүгүртүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунда экени белгилүү болду. Бирок бул натыйжаларга негизинен Кытайдын аркасында жетишилди. Ал эми Кыргызстан өзү соода жүгүртүүгө бир топ жупуну салым кошуп, болгону 25 млн долларлык товарды жеткирип, региондогу өлкөлөрдүн ичинен эң акыркы болуп калды.

Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башы районундагы жаңы мал базар пайдаланууга даяр

Ат-Башы районундагы жаңы мал базар пайдаланууга даяр

Ат-Башы районундагы мал базар пайдаланууга берүүгө даяр экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бүгүн министр Эрлист Акунбеков мал базар жана соода борборунун курулушу менен таанышты. "2022-жылы базар толук трансформацияланып, жалпы 7,8 гектар жерди ээлеген. Анын ичинен 3,7 гектары толугу менен курулуп,

Баткен облусунда күн электр станциясы курулат

Баткен облусунда күн электр станциясы курулат

Баткенде күн электр станциясы куруларын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "CECEP Solar Energy Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы кызматташтыкты жана инвестициялык портфелди кеңейтүүнү талкуулашты. Учурда аталган компания Баткен облусунда "Ак-Татыр" күн электр станциясын куруу

Барскоон–Бедел унаа жолу: тоннелдерди казуу иштери башталды

Барскоон–Бедел унаа жолу: тоннелдерди казуу иштери башталды

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан Барскоон–Бедел автожолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда изилдөө иштери толук аяктап, долбоорлоо дээрлик бүткөрүлдү. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле подрядчы тарабынан техника жеткирилип, бетон заводу курулуп, жумушчулар мобилизацияланды. Курулуш иштери долбоорлоо менен катар жүргүзүлүүдө. Долбоордо

Бишкекте 50 гектар жер мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлөт

Бишкекте 50 гектар жер мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлөт

Бишкек мэриясы Бишкек шаардык кеңешине Токомбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу макулдук алуу боюнча документ жөнөттү. Аталган жер тилкесин Президенттин иш башкармалыгына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүү каралууда. Документте Бишкек шаардык кеңеши аянты 50,8052 гектар болгон, идентификациялык коду 1-04-12-0032-0375, Бишкек шаары,