Кыргызстан бул жылы дүйнөдөгү өлкөлөрдүн гүлдөп өнүгүү деңгээли боюнча рейтингде 94-орунду ээледи

Кыргызстан бул жылы дүйнөдөгү өлкөлөрдүн гүлдөп өнүгүү деңгээли боюнча рейтингде 94-орунду ээледи

Кыргызстан 2023-жылы дүйнөдөгү гүлдөп-өсүп жаткан, бакубаттуулугу боюнча баалаган британиялык Legatum Institute аналитикалык борборунун рейтингинде 94-орунду ээледи.

Legatum Prosperity Index – бул дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жетишкендиктерин алардын бакубаттуулугу жана гүлдөп-өнүгүүсү боюнча баалаган индекс. Ал 2006-жылдан бери британиялык Legatum Institute аналитикалык борбору (Legatum эл аралык инвестициялык тобунун бөлүмү) тарабынан чыгарылып келет. Изилдөөнүн максаты – социалдык бакубаттуулукту жана анын дүйнөлүк масштабда өнүгүшүн изилдөө болуп саналат.

Изилдөө 167 өлкөнүн 16 жылдык көрсөткүчтөрүнө таянып, алардын өнүгүү деңгээлин 12 бөлүмдөгү 300дөй индикатор боюнча баалайт.

Негизгилери:

  • Экономика.
  • Ишкерлик
  • Башкаруу
  • Билим берүү
  • Саламаттыкты сактоо
  • Коопсуздук
  • Жеке эркиндик
  • Социалдык капитал
  • Экология ж.б.

Ар бир өлкөнүн рейтинги берилген көрсөткүчтөрдүн орточо салмактанып алынганын эсептөө жолу менен, алардын ар бири гүлдөп өнүгүүнүн негизи катары аныкталат. Көрсөткүчтөр статистикалык анализге, социологиялык изилдөөлөргө жана сурамжылоого катышкандардын эксперттик баасына негизделген. Рейтингде колдонулган статистика БУУ, Дүйнөлүк Банктан, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунан, Дүйнөлүк Соода Уюмунан, Gallup, Economist Intelligence Unit, IDC, Pyramid Research жана башка мекемелерден алынган. Index басылмасынын редакциялык кеңешине бир катар алдыңкы университеттердин жана илимий борборлордун өкүлдөрү кирет.

Ошентип Кыргызстан аталган изилдөөдө 94-орунда турат. Коопсуздугу боюнча 71-орунда, жеке эркиндиги боюнча 103-орунда, башкарууда 108-орунда, социалдык капитал боюнча 100-орунда, инвестициялык чөйрө боюнча 99-орунда, ишканалардын абалы боюнча 124-орунда, экономикасы боюнча 88-орунда, жашоо шарты боюнча 84-орунда, саламаттыкты сактоодо 76-орунда, билим берүүдө 85-орунда жана табигый чөйрө боюнча 95-орунда турат.

Ошол эле коңшу Казакстан 69-орунда, Өзбекстан 100-орунда жана Тажикстан 113-орунда турат. Ал эми эң кызыгы Түркия Кыргызстандан кийин 95-орунду ээлеген, анткени ал коопсуздук, жеке эркиндик жана социалдык капитал боюнча төмөн көрсөткүчтөрдү берген.

Белгилей кетсек, индекс боюнча алдыңкы ондукту Дания, Швеция, Норвегия, Финляндия, Швейцария, Нидерланд, Люксембург, Исландия, Германия жана Жаңы Зеландия алышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Мэрия: Мектепке жасалма каттоо мыйзам бузуу болуп саналат

Мэрия: Мектепке жасалма каттоо мыйзам бузуу болуп саналат

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти ата-энелерди балдарын белгилүү мектептерге киргизүү максатында жасалма каттоого (пропискага) жол бербөөгө чакырат. Маалыматка ылайык, мектептен орун алуу үчүн каттоону сатып алуу же жасалма түрдө уюштуруу фактылары текшерүүгө алынат. Өткөн окуу жылында бир дарек боюнча бир нече үй-бүлө катталган учурлар аныкталган. Мындай мыйзам бузуу үчүн

Бишкекте интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Бишкекте интернет байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Бишкек шаарында интернет байланыш операторлоруна зымдарды кыска мөөнөттө жер алдына көчүрүү талабы коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27- мартта Бишкек мэриясы интернет операторлоруна эки күндүн ичинде байланыш зымдарын жер алдына өткөрүүнү тапшырган. Бул чечим “ачык асман” долбоорунун алкагында кабыл алынган. Аталган долбоор Шанхай кызматташтык уюмунун

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өнөктүгү аяктады

Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү аяктоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөрдү 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы күбөлүктөргө акысыз алмаштыруу өнөктүгү 2026-жылдын 31-мартында жыйынтыкталды. Ошол эле учурда, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин мындай күбөлүктөрдү белгиленген тартипте алмаштыруу улантылат. Бул учурда медициналык

Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 7-апрель көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында 31-март күнү саат 20:00дөн тартып 1-апрель саат 12:00гө чейин 7-апрель көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Шоокум көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Чектөө жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Ушуга байланыштуу айрым автобустук каттамдардын кыймыл схемасы да убактылуу өзгөртүлөт. Шаар тургундары