Кыргызстандын дилерлерине Россияга автоунааларды экспорттоо пайдасыз болуп калышы мүмкүн – себебин түшүндүрөбүз

Кыргызстандын дилерлерине Россияга автоунааларды экспорттоо пайдасыз болуп калышы мүмкүн – себебин түшүндүрөбүз

2023-жылдын 1-августунан тарта Россияда жеңил унааларды, жеңил коммерциялык унааларды, жүк ташуучу унааларды жана автобустарды утилизацияга чогултуу акысы (утилизациялык төлөм) жогорулайт. РФнын Өнөр жай жана соода министрлиги индексация жеке жана юридикалык жактардын кайра сатуу үчүн өлкөгө алып келген жаңы жана эски автоунааларына да таасирин тийгизе тургандыгын билдирди.

Бул чара өлкөгө автоунааларды импорттоп, андан ары РФга саткан, ошондой эле Россиянын шаарларына буюртма боюнча жеткирүүгө адистешкен Кыргызстандагы автодилерлерге кандай таасир этет? Кененирээк төмөндөгү макаладан окуңуз.

Утилизациялык төлөм деген эмне?

Утилизация үчүн төлөм – бул автотранспорт каражаттарын импорттоочулардан, өндүрүүчүлөрдөн же сатып алуучулардан транспорт каражаттарын пайдалангандан кийин утилизация кылуу үчүн алынуучу бир жолку төлөм. Ал Россияда 2012-жылы өлкө ДСУга киргенде киргизилген.

Утилизациялык төлөм канчага көтөрүлөт?

Ушул күндөн тартып Россияда автоунааны легалдаштырууда юридикалык жактар, ошондой эле жылына бирден ашык транспорт каражаттарын кайра сатуу үчүн ташып келгендер кайра иштетүү үчүн төмөнкү өлчөмдөгү төлөмдү бир убакта төлөшү керек:

РФга жеке колдонуу үчүн ташылып келинген, кыймылдаткычынын көлөмү 3000 куб.см чейинки автоунаалар үчүн тарифтер өзгөрүүсүз калат: жаңы унааларга — 3.4 миң рубль (үч жылдан ашпаган), чыкканына үч жылдан ашкан унааларга — 5.2 миң рубль болот.

Тарифтердин кымбатташы КРнын автодилерлерине кандай таасир этет?

Эксперттер жаңы көрүлүп жаткан чара АКШ менен Евробиримдиктин Россияга каршы санкцияларын киргизгенден кийин пайда болгон параллелдүү импортко таасир этет деп эсептешет. Айрыкча Армения жана Кыргызстан өңдүү өлкөлөрдө автоунаалардын баасы салыштырмалуу төмөн болгондуктан, россиялыктар көбүнчө бул өлкөлөрдөн келген жеткирүүчүлөрдөн унааларды сатып алышууда.

"Транспорт алып келүүнүн жаңы эрежелери иштеп жаткан эки схемага таасирин тийгизет, — деп белгиледи "Rucars электромобили" компаниясынын негиздөөчүсү Роман Рассудков. — Демек, көпчүлүк дилерлер автоунааларды өз эсебинен алып келишет, эми алар утилтөлөмдү толук төлөөгө аргасыз болушат, бул болсо параллель импорттолуп алынып келинүүчү автоунаалардын наркына сөзсүз таасирин тийгизет.
Экинчи ыкма, утилизациялык төлөмдүн көбөйүшүн кыйгап өтүүгө мүмкүндүк берет — бул унааны буюртма боюнча жеткирүү. Эгерде Россиядагы сатып алуучунун бул акыркы жылдагы биринчи жолку унаасы болсо жана кыймылдаткычынын көлөмү үч литрге чейин болсо, анда ал үчүн 3.4-5.2 миң рубль өлчөмүндө утилизациялык төлөмдүн жеңилдетилген нормасы сакталат. Бирок бул учурда Бажы союзунун өлкөлөрү аркылуу машиналарды бул мамлекеттерде каттоого коюу менен аларды жеткирүүнүн жарым-жартылай схемасы жок болот".

Эксперттин айтымында, "мисалы, Белоруссияда электромобилдерге КНС нөлгө барабар, ал эми Кыргызстанда автоунаанын баасын төмөн баалап, андан бажы алымынын ставкасы ошого карата эсептелет.

Рассудковдун пикиринде тандаш керек, же унааны Россияда бажыдан жол-жоболоштуруп, толук алым менен КНС төлөп, бирок утилизациялоо жыйымын үнөмдөсө болот, же болбосо, Беларусь жана Бажы бирлигинин башка өлкөлөрү аркылуу өткөрүп, РФнын аймагында унааларды кайра сатууда юридикалык жактар үчүн тарифтер боюнча утилизациялык төлөмдү толук төлөш керек болот.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Россиянын Федералдык бажы кызматы ЖМКларда КРдан РФга автоунаалардын экспортунун өсүшү тууралуу бир катар жарыяланган маалыматтардан кийин, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү унаалар декларациялоодо бааланбай калган фактыларды тастыктаган. Ведомство мурда мындай жол менен Россияга каттоодо мыйзам бузуулар менен ташылып келинген чет элдик автоунааларды алуудан баш тартууну убада кылды, бирок акыркы ээлери кайра иштетүү акысын төлөшү керек.

"Мыйзамга ылайык, товардын наркы тууралуу декларацияланган маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти декларант – унааны Кыргызстанга же ЕАЭБдин башка өлкөсүнө алып киргенде каттоодон өткөргөн адам тартат. Ал ошондой эле салык төлөөгө, бажы төлөмдөрүн жана жыйымдарын, ошондой эле аларды төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
Эгерде ФБЖ баанын төмөндөтүлгөн учурларын аныктаса, анда бул боюнча маалыматтар текшерүүнү уюштуруу жана төлөнбөгөн төлөмдөрдү калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү үчүн Кыргызстандын же башка ЕАЭБдин бажы органдарына берилиши керек", — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Эске салсак, буга чейин Economist.kg Кыргызстандык автосалондор колдонгон бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн эсеп-фактураларда автоунаалардын баасын төмөндөтүү схемалары тууралуу жазган. Макалалар боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media
Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курула баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирет. Маалыматка ылайык, Белек айылында буга чейин ипподром болгон. Жакында эле бул жерде Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленген. Аймакта ат чабыштарды өткөрүү

Ишкер Media