Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушу: Казакстан Бишкекке саясий кесепеттери тууралуу эскертти

Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушу: Казакстан Бишкекке саясий кесепеттери тууралуу эскертти

Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушу энергетикалык кризистен чыгууга аракет кылып жаткан расмий Астана менен Бишкектин ортосунда саясий көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн экенин казакстандык informburo.kz порталы жазып чыкты.

Басылма 2024-жылы Кыргызстан 11 ГЭСти, анын ичинде беш чоң жана алты чакан ГЭСти ишке киргизүүнү пландаштырып жатканын айтат.

"2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында Кыргызстан электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү боюнча аймактагы эң жакшы көрсөткүчкө жетишти – өсүү 14%ды түздү. Баса, Казакстан бул жагынан коңшуларынан бир топ артта калды", — деп белгилейт ЖМК. — Бирок Кыргызстанга бул көрсөткүч да жетишсиз болуп жатат, ошондуктан 2024-жылы 11 ГЭСтин ишке кириши күтүлүүдө".

Казакстан Кытайдан, Россиядан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан сууга абдан көз каранды болгондуктан, жергиликтүү эксперттер коңшу өлкөнүн энергетикасын өнүктүрүү пландарына тынчсыздануусун билдиришкен. Аймакта суунун тартыштыгы күчөп, ал менен катар Казакстанда да баары кыйындашы мүмкүн дешет.

"Көптөгөн өлкөлөрдө ири ГЭСтердин курулушу азыр туура эмес чечим катары таанылып жатат, — дейт экосаясат жана айлана-чөйрөнү коргоонун институционалдык негиздери боюнча эксперт Булат Есекин informburo.kz сайтына берген маегинде. Ири ГЭСтер суу менен камсыздоо маселесин дагы курчутуп, экологиялык туруктуулукту бузат. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө ГЭСтерди бузуу жана дарыялардын табигый режимин калыбына келтирүү боюнча кампаниялар жүрүп жатат".

Эксперт "Кыргызстан климаттык мыйзамды жана экологиялык каатчылыкты негиз катары пайдаланып, экспертизасы жок, мыйзамда белгиленген процедураларсыз ГЭСтерди куруп жатканын" өкүнүч менен билдирди.

"Эл аралык суу мыйзамдарына ылайык, дарыялардын, чек арадагы дарыялардын режимин өзгөртүү, албетте, макулдашылып, жок дегенде бул өзгөртүүдөн жабыр тарткан коңшу мамлекеттер менен талкууланышы керек", — деп белгиледи эколог.

Ошол эле учурда Казакстандын Экологдор ассоциациясынын төрайымы Лаура Маликованын айтымында, КРда жаңы ГЭСтердин курулушу коңшу мамлекеттердин, анын ичинде Казакстандын суу чарба системаларына да таасирин тийгизиши мүмкүн.

"ГЭСти курууда дарыянын агымы кайра бөлүштүрүлүп, анын деңгээли өзгөрүп, толкун, жылуулук жана муз режими өзгөрөт. Дарыянын ылдамдыгы он эсеге төмөндөйт. Суу сактагычтын айрым жерлеринде токтоп калган зоналар пайда болот. Кыргызстанда Казакстан менен чектеш дарыяларда ГЭСтердин курулушу Казакстандын дарыяларына жана алардын экологиясына таасирин тийгизиши мүмкүн", — деп белгиледи эксперт.

Маликова суу сактагычты түзүү үчүн дарыяны жабуу экосистемаларды, анын ичинде балыктар жана башка суу жаныбарларынын жашаган чөйрөсүн бузуп же өзгөртүшү мүмкүн экенин тактады. Бул жергиликтүү биологиялык ар түрдүүлүккө, ошондой эле балык ресурстарына көз каранды болгон балык чарбага жана айыл чарбасына таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ошондой эле, мүмкүн болуучу кесепеттердин арасында Казакстандын Экологдор ассоциациясынын төрайымы жээк сызыктарынын эрозиясын, айрым аймактарда суу ташкынынын коркунучунун көбөйүшүн же тескерисинче, башка аймактарда нымдуулуктун жетишсиздиги болушу болушу мүмкүн экендигин айтты. Ошол эле учурда эксперт анын аркасынан болушу мүмкүн болгон саясий кесепеттерди да атады.

Чек арадан өткөн дарыяларга ГЭСтердин курулушу Казакстан менен Кыргызстандын мамилесине таасирин тийгизиши мүмкүн.

Кыргызстанда 11 ГЭСти ишке киргизүү пландалып жатканына байланыштуу казак журналисттери комментарий алуу үчүн Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстар министрлигине кайрылышкан. Вице-министр Галидулла Азидуллин ЖМКнын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, биринчи кезекте Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан катышкан маанилүү энергетикалык долбоорду эске салды.

"Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын энергетика ведомстволору Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти. Бул долбоордун негизги максаты Токтогул суу сактагычынын режимин энергетикадан ирригацияга өткөрүү, бул Арал деңизинин экосистемасынын суу менен камсыз болушуна жана вегетация мезгилиндеги Түркстан жана Кызылорда облустарынын дыйкандарынын муктаждыктарына оң таасирин тийгизет. Учурда тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тиешелүү келишимге кол коюу процессинде турат", — дейт вице-министр.

Ошол эле учурда башкармалыктын жетекчисинин орун басары Кыргызстан казак кесиптештерине 11 ГЭСтин курулушу боюнча эскертүү бербегенин тастыктады.

"Кыргызстандын суу чарба же энергетика ведомстволору казак тарапка өлкөнүн энергетикалык потенциалын өнүктүрүү пландары тууралуу кабарлаган эмес. Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагындагы чакан дарыяларда кубаттуулугу 10 МВтка чейинки ГЭСтерди куруу Сырдарыя, Шу жана Талас трансчегаралык дарыяларынын бассейндеринин экологиялык агымына олуттуу таасирин тийгизбейт.
Бирок гидроэнергетиканын жаңы көлөмдөрүн өздөштүрүү трансчегаралык дарыялардын бассейниндеги ири суу сактагычтардын, анын ичинде Токтогул суу сактагычынын иштешине таасирин тийгизиши мүмкүн, аларды толтуруу Арал деңизинин экосистемасына жана Түркстан жана Кызылорда облустарынын дыйкандарынын муктаждыктарына түздөн-түз таасирин тийгизет", — дейт Галидулла Азидуллин.

Галидулла Азидуллиндин айтымында, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү вегетация мезгилинде Казакстандын түштүк аймактарын суу менен камсыздоого терс таасирин тийгизбеши керек.

"Ошентсе да тараптардын суу-энергетикалык кызыкчылыктарынын балансы аймактагы бардык мамлекеттердин катышуусунда каралышы керек", — деди мамлекеттик кызматкер.

Казакстандын Энергетика министрлиги да ушундай позициясын билдирди.

"Казакстан 2001-жылдан бери мыйзамдык деңгээлде Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык Экономикалык Комиссиясынын "Трансчегаралык контекстте айлана-чөйрөгө таасирин баалоо жөнүндө" Конвенциясына кошулган. Бул конвенция мындай иш-чараларды мамлекеттик пландаштыруунун аймактык чектеринен тышкары курчап турган чөйрөгө олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бардык ири долбоорлор боюнча бири-бири менен кабардар кылуу жана консультация берүү боюнча мамлекеттердин жалпы милдеттенмелерин камтыйт. Буга байланыштуу министрлик БУУнун конвенциясына ылайык долбоорду ишке ашырууну ылдыйкы агымдагы өлкө катары Казакстан менен координациялоо зарылчылыгы боюнча позицияны карманууну максатка ылайыктуу деп эсептейт", — деп түшүндүрдү учурдагы кырдаалды Энергетика министринин орун басары Жандос Нурмаганбетов.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун