Бизнесте дизайндык ой жүгүртүү кантип колдонулат жана анын таасири кандай болот

Бизнесте дизайндык ой жүгүртүү кантип колдонулат жана анын таасири кандай болот

Дизайндык ой жүгүртүү – бул колдонуучуну/керектөөчүнү билүүгө, анын көйгөйүн түшүнүүгө жана ага альтернативдик чечимдерди табууга жардам берген конкреттүү маселелерди чечүүнүн ыкмасы жана процесси. Терминдеги "дизайн" сөзүнүн туура котормосун — долбоорлоо, куруу жана жаңы нерсени түзүү деп түшүнсө болот.

Мындай караганда рыноктогу бардык продукт менен кызматтар кардарга багытталгандай көрүнөт. Бирок, башка ыкмаларда жасалган/түзүлгөн товарлардан жана кызматтардан айырмаланып, дизайндык ой жүгүртүү ыкмасы эмпатияга жана колдонуучунун тажрыйбасына токтолууга басым жасайт.

Дизайндык ой жүгүртүүдө эң негизги көңүл борборунда — мамлекет, уюм же менеджерлер эмес, конкреттүү адамдын муктаждыктары жана суроо-талаптары турат.
  • Дизайндык ой жүгүртүү идеясы 1969-жылы Герберт Саймон тарабынан "Жасалма илимдер" китебинде иштелип чыккан. Кийинчерээк Стэнфорд университетинин окумуштуулары аны иштеп чыгышып, бул ыкманы популярдуу кылган "изилдөөчүлөр жана экспериментаторлор үчүн жер" болгон Stanford d.school негиздешкен.

Кээ бир компанияларда дизайн ой жүгүртүүсү парадигмага, ал тургай идеологияга айланып баратат, мисалы Google корпорациясы, бул жерде изилдөөчүлөр жана иштеп чыгуучулар ушул ыкманы колдонуу менен жаңы идеяларды ойлоп таап, сынап көрүшөт.

Дизайн ой жүгүртүүсү негизинен үч принципке негизделет:

  • эмпатия: өзүн башка адамдын ордуна коюу, анын сезимдерин жана эмоцияларын түшүнүү
  • ой жүгүртүүнүн кеңдиги: маселени бүтүндөй жана бардык мүмкүн болгон майда-чүйдөсүнө чейин камтый билүү
  • эксперимент: аракет кылуу, ката кетирүү жана аны ага жараша оңдоп чыгуу.

Бизнесте кантип колдонулат

Жогоруда айткандай, бул ыкма адамга багытталган өнүмдөрдү жана кызматтарды түзүү үчүн ылайыктуу. Ал стереотиптерди жеңүү жана стандарттуу эмес жол менен маселени чечүү үчүн колдонулат.

Мындай ыкма бизнесте кеңири жайылган жана ал өзгөчө ролду ойнойт:

  • инновациялык продукцияны түзүүдө
  • колдонуучунун көйгөйлөрүн ар тараптуу түшүнүү үчүн маалымат жетишсиз болгондо жана натыйжада аларды чечүү жолдорун табууда кыйынчылыктар болгондо
  • колдонуучуларды терең түшүнүү талап кылынганда.
Натыйжада бул лоялдуу кардарларды өстүрүүгө жардам берет, анткени алар өз кызыкчылыктарын эске алган продукт алышат. Ал эми компанияда болсо инновация маданиятын стимулдаштырып, командаларда чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрөт. Продукциянын рынокко чыгышын тездетет жана ашыкча чыгымдарды болтурбоого жардам берет, анткени кылдат изилдөө жана эркин эксперименттер ийгиликтүү жана жашоого жөндөмдүү чечимдерди жаратат.

Дизайндык ой жүгүртүүнүн 6 этабы

  1. Эмпатия

Бул этапта колдонуучунун тажрыйбасы изилденип, алардын каалоолору жана мотивдери, суроо-талаптары аныкталат. Максаты  — "өзүңдү бирөөнүн ордуна коюп көрүп" жетиштүү маалымат чогултуу жана ошонун аркасында керектөөчүнүн көйгөйлөрүн түшүнүү.

Деталдуу изилдөө үчүн команда терең маектешүүлөрдү жүргүзүп, колдонуучунун дүйнөсүн жана анын адаттарын байкайт. Ошондой эле экинчи байкоону колдонушат: колдонуучу жана жагдай жөнүндө маалыматты ачык булактардан (социалдык медиа, медиа жана статистикалык отчеттордон) чогултушат.

2. Фокус

"Эмпатиядан" кийин, изилдөөчүлөр чогулткан бардык маалыматты иштеп чыгып, колдонуучунун негизги көйгөйүн аныкташат. Бул кадамдын максаты — андан аркы иш үчүн конкреттүү суроону түзүү.

Негизги байкоолорду калыптандыруу жана аларды визуалдаштыруу маанилүү. Бул үчүн алар көп учурда маанилүү табылгалар менен стикерлер чапталган дубалдарды колдонушат.

3. Идеялардын генерациясы

Бул бир суроонун көптөгөн чечимдерин табуу баскычы. Генерация убагында ар кандай инсайттар жана ар кандай жооптор кабыл алынат.

Команда менен активдүү иштеп, мээге, ойлоп табууга чабуул жасалат. Ар кандай концепцияларды жемиштүү түзүү үчүн ар кандай профилдеги адистердин тобу бир бөлмөгө чогулушу керек. Бул этапта сындап же идеяларды жокко чыгарууга болбойт.

4. Идеяны тандоо

Чогулган бардык идеялардын ичинен бирин тандап, ага толугу менен көңүл буруу керек. Команда бир чечимге добуш берет же бир нече идеяны бир чечимге бириктирет.

5. Прототиптөө

Чечим кабыл алынгандан кийин, команда өзүнүн гипотезаларын ырастап же жокко чыгара баштайт.

Бул этапта идеянын ишке жарамдуулугун аныктоо үчүн буюмдарды жана жөнөкөй куралдарды колдонуу менен прототиптер түзүлөт. Бул прототиптер эгер жарабай калса оңой эле алып салгыдай болушу үчүн арзан жана тез болушу керек.

6. Тестирлөө

Акыры, акыркы "аман калган" прототип потенциалдуу колдонуучуга жетип, андан пикир алынат. Бул жерде тандалган чечим канчалык реалдуулукка ыңгайлуу экенин түшүнүү маанилүү.

Прототип колдонуучуга берилет жана ал продукт менен кандай мамиледе экенине байкоо жүргүзүлөт. Ошондой эле сөзсүз түрдө колдонуучудан эмнеси ыңгайлуу жана эмнеси жакпаганы тууралуу комментарий алынат.

Дизайн ой жүгүртүүсү натыйжалуу бизнес моделдерин жана талап кылынган өнүмдөрдү түзүүгө, инновациялык чечимдерди ойлоп табууга жана божомолдорду түзүүгө, компаниянын ичиндеги процесстерди өркүндөтүүгө жардам берет. Аны брендингди иштеп чыгууда да колдонсо болот.

Компанияда дизайн ой жүгүртүү канчалык пайдалуу?


Ар бир компания эле дизайн ой жүгүртүүгө муктаж эмес. Бирок бүгүнкү күнү бизнес тенденциясы классикалык рационализм ой жүгүртүүнүн жаңы формасына орун берип жатат.

Салттуу жол менен өнүгүп жаткан бизнес, мындайча айтканда, иштеп жаткан продукт узак убакыттын ичинде жана акырындык менен өркүндөтүлгөндө – акыры утулат, анткени инновациялык идеяны алып жүргөн бизнес рынокко чыгат. Ошондуктан компаниянын стратегиясынын бир бөлүгүн бизнести инновациялык секирик менен алдыга жылдыра турган инновациялык чечимдерге арнаш керек.

Бул буга чейинки турмуш образын жок кылуу керек дегендикке жатпайт. Дизайндык ой жүгүртүүнү компанияга киргизүү идишке суу толтурганга окшош: компаниянын негизи жана структурасы бузулбай калышы мүмкүн, ал эми ички мазмуну (компаниянын ишмердүүлүгү) абдан өзгөрөт. Компанияда дизайндык ой жүгүртүүнү киргизүү үчүн кызматкерлерге эксперимент жүргүзүүгө, алардын ката кетирүүсүнө уруксат берилиши керек. Бул аларга дагы жаңы ыкмаларды киргизүүгө дем берет жана келечекте көп ыкмалардын бири сөзсүз ийгиликтүү болот.

Жетекчинин жеке бренди компаниянын ишине кандай таасир этет жана аны түзүү эмне үчүн пайдалуу
Репутация, имидж, бренд — булар адамдарга кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда укмуштуудай таасир этет. Адамдар көбүнчө эле ишенимди арттырган жана шыктандырган белгилүү компаниялардын пайдасына тандоо жасашат. Reputation Institute тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык изилдөөдө компаниянын репутациясын…



Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башыда сел жүрүп, унаадагы жаран аман-эсен куткарылды

Ат-Башыда сел жүрүп, унаадагы жаран аман-эсен куткарылды

12-июлда саат 20:30 чамасында Ат-Башы районунда кыска мөөнөттө жааган нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, сел Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайда катталган. Сел суусуна агып кеткен унаадагы бир жаран куткаруучулар тарабынан аман-эсен чыгарылган.

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

14-июлда саат 09:00дөн 15-июль саат 08:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Өчүрүү району: Асанбай кичи району (Куттубаев көчөсүнөн С. Батор көчөсүнө

“Манас” аба майданынын кире бериш бөлүгү бүткөрүлдү

“Манас” аба майданынын кире бериш бөлүгү бүткөрүлдү

”Манас” эл аралык аба майданынын негизги кире бериши жүргүнчүлөр жана коноктор үчүн расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу ”Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди. М.Самидиновдун айтымына караганда, кире бериштин ачылышы менен бирге эле аэровокзал комплексинин имаратын масштабдуу жаңылоо иштери кызуу уланууда. Жаңыланган кире бериш бөлүгү жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүүгө

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери, Корея–Кыргызстан депутаттык достук тобунун жетекчиси Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен