Жаңы Алматы — Ысык-Көл жолу Казакстандын юрисдикциясы астында болушу мүмкүн — ЖМК

Жаңы Алматы — Ысык-Көл жолу Казакстандын юрисдикциясы астында болушу мүмкүн — ЖМК

Келечекте курула турган Алматы — Ысык-Көл жолу Казакстандын юридикалык базасына негизделиши мүмкүн. Мындай божомолун Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нариман Маннапбеков Caravan.kz порталына берген маегинде билдирди.

"Биз 2018-жылы бир нече экспертизаларды өткөрүп, үч маршруттук вариантты сунуштаганбыз. Эң оптималдуусу Узунагаш, Кастек аркылуу өтүп, андан ары капчыгай аркылуу Кабанбай баатыр айылына Кемин шаарына кире турган жол тандалып алынган. Андан соң гана аталган реалдуу жол долбоорун сунуштаганбыз. 2019-жылы биз юридикалык скрининг жүргүздүк, эки өлкөнүн транспорт министрликтеринен жакшы жооп алдык. Ошондой эле биз алардын жол инфраструктурасын жана туризмди өнүктүрүүгө кызыктар экенин көрдүк", — деди банктын Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

Басылманын маалыматы боюнча, АӨБ эксперттери экономикалык, юридикалык жана каржылык болуп үч талдоо жүргүзүшкөн. Үстүбүздөгү жылдын май айында банк биргелешкен топтун жыйынын Бишкекте өткөргөн. Сунушталган Алматы — Ысык-Көл жолунун бир бөлүгүн көрсөтүү чечими кабыл алынды. Бир топ өкүлдөр Узунагаштан Кастекке, Каракеминге, Кабанбай баатыр айылдарына барышкан. Жер тилкелери каралып, жалпысынан долбоор оозеки жактырылды.

Андан башка да бир максат — жол менен бирге бул долбоор Алма-Ата облусундагы азыр дээрлик барууга болбой турган жерлерди өздөштүрүү үчүн да пайдалуу экени маалым болду. Адистердин айтымында, бул жерде абдан жогорку туристтик потенциал бар: климаты абдан жумшак, шамал дээрлик жок. , Кыргызстандын чек арасынан бир аз алыс жайгашкан тоолуу аймактарга караганда кээ бир капчыгайларды экотуризмге колдонууга болот.

"АӨБ коомчулукту жана жарандык коомду тынчсызданта турган бардык учурларга өтө этият жана кылдат мамиле кылат. Ошондуктан биз консультация өткөрүүгө аракет кылабыз. Биз буга чейин Жаратылышты коргоо уюмдары менен эки жолу кеңештик. Алардын сунуш жыйынтыгы менен экологияга эң аз таасир этүүчү жол ушул деген жыйынтыкка келдик", — дейт Нариман Маннапбеков. "Бүгүн бизде белгилүү деңгээлде оптимизм бар жана эки мамлекетке да, алардын жарандарына да артыкчылыктар бериле турган багытта бара жатабыз".

Caravan.kz белгилегендей, долбоор чыгымдардын анализин аяктоо стадиясына жеткен. Жакынкы арада көз карандысыз эксперттер салыштырма анализ жүргүзүп, эки тарап долбоорду ишке ашыруу моделин, курулуш мөөнөтүн жана долбоордун наркын талкуулай башташат. АӨБ ошондой эле тараптарга долбоордун келечектеги экономикага тийгизген таасирин талдоо менен камсыз кылат. Жакынкы арада бул иштер аткарылып, транспорт министрликтеринин деңгээлинде Астана жана Бишкек шаарларындагы жыйындарда сунушталат. Андан соң эки тарап жолугушуу уюштуруп, алынган жыйынтыктарды талкуулашмакчы.

Сунушталып жаткан Алматы — Чолпон-Ата жолунун узундугу 260 чакырымды түзөт. Жүргүнчү унаа менен бул аралыкты түз маанисинде 2-2.5 саатта басып өтө алат деп эсептешет. Саякат убактысын кыскартуу жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу — бул жолдун эки негизги параметри. Бирок мунун баары жолдун келечектеги кардарынын чечимине жараша болот. Жолдун так кандай болору, аны бойлой кандай унаалар жана кандай ылдамдыкта жүрүүсү буюртма берилген долбоорго жараша болот.

"Мындай долбоорлорду уюштуруучуларга бир нече суроолорду берип жатабыз, мисалы, бул долбоор мамлекеттик болобу же жеке болобу, же МЖӨ болобу? Эки мамлекет тең МЖӨ формасында болушун жактырышууда, Кыргызстандын өкмөтү деле ошентип жатат, анткени тыштан карыз алууну каалабайт. Казак тарап да бул жол өзүн өзү акташ керек деген пикирге кошулууда. Башкача айтканда, жолдун акылуу болот. Мына ушундай биринчи сүйлөшүүнүн негизинде юридикалык базасы кандай болот деген суроону койдук. Кайсы өлкөнүн мыйзамдары колдонулат? Биз дароо эле көз карандысыз пикир келсе, Азияда ушундай долбоорлордун тажрыйбасы бар экенин айттык. Ошонун негизинде жолдун 90% Казакстандын аймагы аркылуу өтөөрүн эстен чыгарбашыбыз керек.
Калган 10% Кыргызстандын аймагында. Ошонун негизинде Казакстандын мыйзамдарын колдонууга негиз бар болсо керек. Казакстанда 1999-жылдагы концессиялык мыйзам жана 2015-жылдагы МЖӨ мыйзамы бар. Казак өкмөтү бул мыйзам анча күчтүү эмес экенин билет, ошондуктан ал өзүнө милдеттенме алып, өлкөнүн парламенти азыр бул эки мыйзамды бириктирген бирдиктүү мыйзамды карап жатат. Ал эми күчтүү болсо, анда кыргыз бийлиги аны сыйлай тургандыгын билдирди. Азырынча бул формалдуу эмес келишим", — деди Нариман Маннапбеков.
Алматыдан Ысык-Көлгө курулуучу жаңы жол Казакстандын экономикасына зыянын тийгизиши мүмкүн — казак басылмалары
Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаевдин эксклюзивдүү маегин талдап чыккан Казакстандын Karavan.kz басылмасынын журналисттери Алматыдан Ысык-Көлгө жолду куруу ”Казакстандын экономикасына зыян келтириши мүмкүн” деген корутундуга келишти. Эске сала кетсек, Текебаев Кыргызс…

Мындан тышкары окуңуз

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу,

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда ал бул күн улуттук валюта — кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, анын өлкөнүн эгемендүү финансы системасын калыптандыруудагы маанисине токтолду. Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкө экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, ички дүң продуктунун көлөмү эки

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жол курулуш объектилерин кыдырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр Бишкектеги Профсоюз көчөсүндөгү, Түндүк айланма жолундагы жана Чүй облусунда жүрүп жаткан жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берди. Иш

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты. Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк