Камчы Көлбаевдин мүлкү — документтери кимдерге катталган?

Камчы Көлбаевдин мүлкү — документтери кимдерге катталган?

9-октябрда УКМК уюшкан кылмыштуу топтун лидери, "мыйзамдагы ууру" аталган, 4-октябрда кармоо учурунда атылып өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз мүлкүнүн болжолдуу баасын айтты. Анын байлыгы 1 млрд долларга бааланып, анын ичинде 60тан ашык кымбат баалуу унаалар, Ысык-Көлдөгү, Чүй облусундагы, Бишкек шаарындагы, жадакалса Дубайдагы кыймылсыз мүлктөрү бар экени айтылат. Төмөндө ал мүлктөрдүн документтери расмий түрдө кимдерге катталганына токтолобуз.

Бардык менчик ээлерин текшерүүгө мүмкүн болгон жок, бирок ачык булактардан биз активдердин негизги ээлерин таба алдык. Ал тизмеге курулуп жаткан "Каганат Резорт" мейманканасы, "Арал" этно-маданий спорттук-эс алуу комплекси жана Чолпон-Атадагы "Барашек" рестораны, ошондой эле Бишкектеги "Олокон” турак жай комплекси, борбор калаанын түштүк тарабындагы MOQA кафеси, Чолпон-Атадагы "РосБетон" бетон заводу жана "Булат-М" аңчылык жайы кирди.

Ысык-Көлдөгү эки "Каганат"

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Каганат" эс алуу борбору башкача жер: эс алуу жайынын сайты жок жана ал өзүн да жарнамалабайт. Анын аймагы тосмо менен курчалган жана кылдаттык менен кайтарылат. УКМК тараткан маалыматка караганда, аталган пансионат Көлбаевдин карамагында болгон. Аймакта 24 коттедж тибиндеги үй, бир чоң төрт кабаттуу үй жана бассейндин жанында бир кабаттуу дагы бир үй бар. Ошондой эле сайтта "Мисс Злата" рестораны жана Flamingo Bay жана жээк жакта спорт залы бар. УКМК эс алуу борборун 50 млн долларга баалаган, бирок бул курорттук аймактын докумен боюнча ээсин табууга мүмкүн болгон жок.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Каганат" борборунун жанында "Каганат резорт" эс алуу жайы жайгашкан. Ал курулуп жатат. УКМКнын берген видеосунан 38ге жакын бүтпөй калган курулуштарды көрүүгө болот. Анын болжолдуу баасы 30 млн долларга бааланууда. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, директору Азат Маратов. Айрым маалыматтарга караганда, ал Көлбаевдин чөйрөсүндөгү адам. "Каганат" эс алуу жайынын негиздөөчүлөрү "Ривьера групп" компаниясы жана Саламат Акматов. "Ривьера" компаниясынын жетекчиси Азат Абдраев, негиздөөчүлөрү Азрет Боотаев.

"Арал" этно-маданий комплекси

УКМК өз видеосунда бул ден соолукту чыңдоочу комплексти "Барс" деп атаган, бирок Юстиция министрлигинин маалымат базасында ал "Арал" деп катталган (экөөнүн тең дареги бирдей – ред.). Комплекс Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Арал капчыгайында жайгашкан. Ден соолукту чыңдоо комплекси ар кандай категориядагы 29 конок бөлмөдөн турат, ошондой эле аянты 770 м² болгон спорт залы, 370 чарчы аянттагы бокс залы, бассейн жана СПА аянты бар. УКМК өз эксперттерине таянып, комплексти 20 млн долларга баалады.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, анын жетекчиси да Азат Маратов деген ысым менен жазылган. Бул мүлктүн ээлеринин арасында Мая Алиева да бар – маалыматтар боюнча ал Камчы Көлбаевдин апасы. Ал УКМКнын маалыматына караганда, жылкы, эшек, качыр кармаган "Асанбек" дыйкан чарбасынын директору.

Чолпон-Атадагы "Барашек" рестораны

Мекеме болжол менен 2016-2017-жылдары ачылып, бул убакыт аралыгында Чолпон-Ата шаарындагы туристтер үчүн популярдуу жайга айланган. Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин мекеме жабылган. Буга байланыштуу ресторандын кызматкерлери президентке аны кайра ачуу өтүнүчү менен видео кайрылуу жасашкан. Жумушчулардын айтымында, көптөгөн кызматкерлердин балдары, кредиттери жана карыздары бар, ал эми ресторан негизги киреше булагы болуп саналат.

"Барашектин" ээси Экономика министрлигинин текшерүү боюнча отчетунда көрсөтүлгөн. Документтерге ылайык, бул Раушан Асанбек кызы. Башка маалыматтарга караганда, ал ресторандар менен гана алектенбестен, мобилдик тамак-аш кызматтарын да көрсөтөт. Ошондой эле, алдын ала маалыматтар боюнча, Асанбек кызы Камчы Көлбаевдин бир тууган эжеси. УКМК "Барашекти" 2.5 млн долларга баалады.

Бишкектеги "Олокон" комплекси

УКМК Көлбаевге Бишкекте курулуп жаткан "Олокон" турак жай комплекси дагы таандык экенин аныкташкан. Аны "Кут Строй" компаниясы курууда. Компания жакында объект боюнча маалыматты өчүрүп салган, бирок ал Stroy.kg сайтында калып калган.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын ээси Асыл Чыныбаева, ал эми ээлери Мансурбек Оморов, Нурланбек Чыныбаев жана Майрам Ыбыкеева. Нурланбек Чыныбаевдин "Мурасстройкурулуш" жана "Мурас Строй Холдинг" деген дагы эки ишканасы бар. Биринчи ишканада негиздөөчүлөр Зарылбек Чыныбаев менен Талайбек Чыныбаев. Экинчисинде буга чейин аты аталган Талайбек, Нурланбек жана Асыл Чыныбаевдер. Турак жай комплекси Түштүк магистраль/Барпы Алыков дарегинде жайгашкан, ага 14-15 кабаттуу 41 үй кирген. Объекттин баасы 40 млн долларга бааланган.

Бишкектеги MOQA кофейнясы

УКМКнын видеосунда Бишкектеги Токомбаев көчөсү, 25 дарегинде жайгашкан MOQA кафеси көрсөтүлгөн. Бул мекеме борбордо аябагандай популярдуулукка ээ. Юстиция министрлиги билдиргендей, кафенин ээси Канышай Камчы. Кофекана салыкты үзгүлтүксүз төлөп келген, үстүбүздөгү жылы ал бюджетке 4.6 млн сом салык төлөгөн. УКМК мекемени 1 млн долларга баалаган.

Чолпон-Атадагы "РосБетон" бетон заводу

Чолпон-Ата шаарында бир эле бетон заводу бар. УКМК аны видеотасмаларында көрсөттү. Бир аз издегенден кийин анын "РосБетон" деп аталганын билдик. УКМК активдердин бул түрүн 1.5 млн долларга баалаган. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, анын ээси Мирлан Маратов, негиздөөчүлөрүнүн арасында Мирсаит Миржалиев да бар. Ушул эле маалыматтарга караганда, Миржалиевдин өзүнүн "Центральная Азия мовилот", Door plus жана  Next деген үч компаниясы бар. Бул компанияларда ал өзүн негиздөөчү катары көрсөткөн.

Мирлан Маратов 2010-2013-жылдары Чолпон-Ата шаарынын мэри болгон. Ал ошондой эле телефондук терроризмге байланышы бар деп айыпталган. Парламенттик шайлоо күнү шайлоо участкаларына телефон чалып, ал жерге бомба коюлганын айткан.

"Булат-М" аңчылык жайы

УКМК тараткан маалыматка караганда, "Булат-М" аңчылык жайы табылган. Анын сайтында бул жеке компания 10 жыл мурун түзүлгөнү жазылган. Ошондой эле анын жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу жана жыйноо боюнча бардык уруксаттары жана лицензиялары бар. Аңчылык жерлердин жалпы аянты 78 миң гектарды түзөт, алар деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте, Кытай менен чектешкен Тескей Ала-Тоо кластеринде жайгашкан. Компания августтун экинчи жарымынан декабрга чейин памир койлоруна, сибирь эчкилерине жана жаныбарлардын башка түрлөрүнө аңчылык кылууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтөт.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, анын ээси Дастан Темирбаев. Уюштуруучулар Курманбек Темирбаев жана Кумаш Рысалиев. Рысалиевдин "Эйдж групп" жана ТЭЧА аттуу эки компаниясы бар. "Эйдж групп" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн арасында Бакыт Ашымбаев да бар, анын төрт компаниясы бар: "Фрост мастер", "Империал трейд", "Бишкек табак и Ко" жана "Бишкек табак". «Бишкек Табак и Ко» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн арасынан Нурсултан Камчыбекович Асанбековду көрүүгө болот. Ал өз кезегинде "Ричия", "Траст консалтинг компани" жана "Ляззат" сыяктуу компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн тизмесине кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media