Ташиев саясий турмушту декриминализациялоого аракеттенүүдө, бирок канчалык ийгиликтүү болот, азырынча айтуу кыйын — эксперт

Ташиев саясий турмушту декриминализациялоого аракеттенүүдө, бирок канчалык ийгиликтүү болот, азырынча айтуу кыйын — эксперт

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев учурда саясий турмушту декриминализациялоого аракет кылып жатат, бирок канчалык деңгээлде ийгиликтүү болот, азырынча айтуу кыйын. Мындай пикирин "Ой Ордо" эксперттик демилгелер борборунун директору Игорь Шестаков казак басылмасына берген маегинде билдирди.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү коңшу казак элинин да көңүл чордонуна түштү окшойт. Камчы Көлбаев деген ким жана криминалдык авторитет өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстанда эмнелер болуп жатат деген суроо менен Tengrinews.kz кыргыз политологуна кайрылган.

"Анын аброю жердеши кримавтоитет Рысбек Акматбаев каза болгондон кийин күчөдү. Ал 2006-жылы өлтүрүлгөн. Көлбаев да, Акматбаев да Ысык-Көлдөн. Акматбаев кылмыштуулуктан саясатка кирүүгө аракет кылган учурда каза болгон. Аны атып салышкан, бирок өлтүргөндөрдүн эч кимиси табылган эмес. Чынында Акматбевдин өлүмүнөн кийин Көлбаев Кыргызстандын эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң чоң авторитетке айланды. Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алуу үчүн арыз берген Акматбаевден айырмаланып, анын саясатка эч кандай кызыгуусу болгон эмес", дейт Шестаков.

Бирок политологдун пикиринде кээ бир булактар Көлбаевди бийлик менен байланыштырып келишкен.

"Атап айтканда, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийлик Көлбаевди мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго караганда кандидатурасы өтө маанилүү эмес Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн Атамбаев аркылуу тарткан”, дейт саясат таануучу.

Шестаков Камчы Көлбаев Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө катышкан деп эсептейт.

"Ошол убакка чейин анын аты анчалык күчтүү угулчу эмес, бирок эксперттик саясий чөйрөлөрдө бул тууралуу ошол кезде сөз болгон. Белгилей кетким келет, мен биздин кылмыш дүйнөсүнүн эксперти эмесмин, бирок шайлоо өнөктүгүнө анын байланышы бар болушу мүмкүн деген сөздөр болгон. Ал кандай жардам бергенин билбейм, бирок абак жайларында таасири чоң, бул да электорат", деп белгиледи ал.

Андан сырткары Шестаков казак басылмасына Көлбаевдин пансионаттары, ири көлөмдөгү кыймылсыз мүлктөрү, кымбат баалуу унаалары жана ошондой эле курал-жарактары жөнүндө да пикирин билдирген.

"Менин байкашымча, биздин УКМК өтө көп ок атуучу курал-жарактар ​​тууралуу видеону жарыялаптыр, бирок анын адвокаты курал алып жүрбөгөнүн айткан эле. Бул окуя уланат деп ойлойм, ал жерден курал-жарактын аябай чоң арсеналы табылды. Ал абдан эле "коргонгон" экен. Бул кокустук эмес", дейт Шестаков.

Саясат таануучу казак порталына саясий түзүмдөрдү декриминализациялоо иштерин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жетектеп жатат деп эсептегенин айткан.

"Биздин өлкөдө, криминал жөн эле криминалга караганда чоң роль ойногон, мен жогоруда айткандай, биздин өлкөдө саясат менен уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгү көптөн бери эле байланышып келген. Камчыбек Ташиев кыйла тажрыйбалуу саясатчы болуп, көптөн бери оппозицияда жүргөндүктөн, балким, ал өлкөнүн саясий турмушунан кылмыштуулукту алып салууга аракет кылып жаткандыр.
Балким, Ташиев 2010-жылдагы президенттик шайлоодо жеңген партиянын лидери катары өлкөнүн саясий турмушун калыптандырууда криминалдык чөйрөлөрдүн, уюшкан кылмыштуу топтордун ролун жакшы билет. Менимче, ал саясий турмушту декриминалдаштырууга аракет кылып жатса керек. Бирок анын канчалык ийгиликтүү болорун айтуу азырынча кыйын», деди ал.
Бишкекте атайын операция учурунда кримтөбөл Камчыбек Көлбаев жок кылынды – УКМК
УКМКнын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримавторитет Камчыбек Көлбаев жок кылынды. Бул тууралуу мекеме билдирди. Такталгандай, 2023-жылдын 4-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К. Асанбектин (Камчы Көлбаев) турган жери Ибраимов көчөсүндөгү «Блондер паб» ресторанында аныктал…
Камчы Көлбаевдин мүлкүнүн болжолдуу баасы 1 млрд долларды түзөт - УКМК
2023-жылдын 4-октябрында куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, мыйзамдагы ууру аталган Камчы Асанбек жок кылынган. Бул тууралуу УКМК эскертип анын мүлкү тууралуу маалыматты таратты. Такталгандай, Камчыбек Асанбек жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун 2008-жылдан баштаган…

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып