Кыргызстанда юридикалык жакты каттоо үчүн жыйымдардын тарифи жогорулады

Кыргызстанда юридикалык жакты каттоо үчүн жыйымдардын тарифи жогорулады

Министрлер кабинети юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алды. Аталган токтом өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, юридикалык жакты жана филиалдарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар төмөндөгүдөй өзгөрдү:

  • бир жумуш күндүн ичинде – 2581 сом (мурдагы тариф 1200 сомду түзгөн);
  • алты сааттын ичинде – 3581 сом (мурда – 2500 сом);
  • үч сааттын ичинде – 4581 сом (мурда – 3200 сом).

Мындан тышкары, финансы-кредиттик мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин филиалдарын, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар да өзгөрдү:

  • үч жумуш күндүн ичинде – 4281 сом (мурда – 1700 сом);
  • бир жумуш күндүн ичинде – 5281 сом (мурда – 3000 сом);
  • алты сааттын ичинде – 6481 сом (мурда – 3700 сом).

Юридикалык жактардын жана филиалдардын ишин токтотууну каттоо үчүн жыйымдар жогорулатылды:

  • үч жумуш күндүн ичинде – 3150 сомго чейин (мурда – 940 сом);
  • бир жумуш күндүн ичинде – 4250 сомго чейин (мурда – 1880 сом);
  • алты сааттын ичинде – 4950 сомго чейин (мурда – 2820 сом).

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media