Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?

Кыргызстан Grand Theft Auto VI (GTA VI) оюнун жүктөп алуу ылдамдыгы боюнча 146 өлкөнүн ичинен 94-орунду ээледи. Өлкөдө үйдөгү интернеттин орточо ылдамдыгы 70,9 Мбит/секундду түзөт. Мындай ылдамдыкта көлөмү 210 ГБга жакын оюнду жүктөп алуу үчүн 6 саат 35 мүнөт талап кылынат. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп. Мындай маалыматты Экономист.кг басылмасы SpeedGeo сервисинин 2026-жылдын 19-ноябрында жарыяланган изилдөөсүнө таянып жазып чыкты.

Оюнду иштеп чыгуучу Rockstar Games компаниясы GTA VI оюнун - PlayStation 5 жана Xbox Series X|S платформалары үчүн чыгарган. Мааламт расмий жарыяланган күнү SpeedGeo аналитикалык кызматы 146 өлкөдөгү үй интернетинин ылдамдыгын изилдеп, көлөмү 210 ГБ болгон оюнду жүктөп алууга канча убакыт кетерин эсептеген.

Сервистин маалыматына караганда, дүйнө жүзү боюнча тестирлөөгө катышкандардын интернет байланышынын орточо ылдамдыгы 122,2 Мбит/с түзгөн. Мындай ылдамдыкта GTA VI оюнун жүктөп алуу 3 саат 49 мүнөткө созулат. Бирок өлкөлөр ортосундагы айырма бир нече сааттан ондогон саатка чейин жетет.

Кыргызстандагы оюнчулар канча убакыт күтүшү керек

SpeedGeo рейтингинде Кыргызстан 146 өлкөнүн ичинен 94-орунду ээлеген. Өлкөдө үй интернетинин орточо ылдамдыгы 70,9 Мбит/с болуп, GTA VI оюнун жүктөп алууга - 6 саат 35 мүнөт талап кылынат.

☝🏻
Салыштыруу үчүн, дүйнөлүк орточо көрсөткүч 122,2 Мбит/с ылдамдыкта 3 саат 49 мүнөттү түзөт. Демек, Кыргызстандагы оюнчулар оюнду жүктөп алуу үчүн дээрлик эки эсе көп убакыт күтүшү керектелет.

Ал эми SpeedGeo компаниясынын 2025-жылдын октябрынан 2026-жылдын сентябрына чейинки мезгилди камтыган өзүнчө жылдык статистикасында Кыргызстандагы үй интернетинин орточо ылдамдыгы 65 Мбит/с деп көрсөтүлгөн. Мындай ылдамдыкта 210 ГБ көлөмдөгү оюнду жүктөп алуу болжол менен 7 саат 11 мүнөткө созулмак. Эки изилдөөдөгү айырмачылык маалыматтар чогултулган мезгилге жана алардын курамына байланыштуу.

Кайсы провайдердин интернети оюнду тезирээк жүктөйт

Оюнду жүктөп алуу убактысы интернет байланышынын ылдамдыгына жараша айырмаланат. SpeedGeoнун 2025-жылдын октябрынан 2026-жылдын сентябрына чейинки тестирлөө жыйынтыктарына ылайык, Кыргызстандагы интернет провайдерлеринин орточо көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй:

 ·       Saima Telecom — 125,3 Мбит/с: болжол менен 3 саат 43 мүнөт;
·       Homeline — 91,9 Мбит/с: 5 саат 5 мүнөт;
·       Megaline — 73,4 Мбит/с: 6 саат 21 мүнөт;
·       Skynet — 65,7 Мбит/с: 7 саат 6 мүнөт;
·       AKNET — 47,3 Мбит/с: 9 саат 52 мүнөт;
·       Кыргызтелеком — 29,7 Мбит/с: 15 саат 43 мүнөт.

Бул убакыттар тестирлөөнүн орточо жыйынтыктарынын негизинде эсептелген. Алар конкреттүү тариф боюнча кепилденген ылдамдыкты билдирбейт. Иш жүзүндө жүктөп алуу убактысына интернет байланышынын сапаты, жабдуулар, тармактын жүктөлүшү жана оюнду таратуучу серверлердин иштеши таасир этет.

Кайсы өлкөлөрдө GTA VI - 1 саатта, кайсыларда 3 күндө жүктөлөт

SpeedGeo изилдөөсүндө эң жогорку көрсөткүч Люксембургда катталган. Ал өлкөдө интернеттин орточо ылдамдыгы 523,7 Мбит/с түзүп, GTA VI оюнун жүктөп алуу 53 мүнөткө гана созулат. Алдыңкы орундарда төмөнкүлөр бар:

·       Испания — 1 саат 43 мүнөт;
·       Чили жана Франция — 1 саат 48 мүнөттөн;
·       Перу — 1 саат 49 мүнөт;
·       Ирландия — 1 саат 56 мүнөт.

Рейтингдин акыркы сабында Сирия жайгашкан. Ал өлкөдө интернеттин орточо ылдамдыгы 7,6 Мбит/с болгондуктан, 210 ГБ көлөмүндөгү оюнду жүктөп алуу үчүн 61 саат 24 мүнөт талап кылынат. Кубада бул убакыт 58 саат 20 мүнөттү, ал эми Авганистанда 53 саат 38 мүнөттү түзөт.

Европа тез жүктөйт, Африка төрт эсе көп убакыт керектейт

Изилдөө дүйнөнүн аймактарындагы интернет ылдамдыгынын ортосунда олуттуу айырма бар экенин көрсөттү.

Континенттер боюнча GTA VI оюнун жүктөп алууга кеткен орточо убакыт:

 ·       Европа — 2 саат 40 мүнөт;
·       Түндүк Америка — 2 саат 43 мүнөт;
·       Түштүк Америка — 2 саат 56 мүнөт;
·       Австралия жана Океания — 3 саат;
·       Азия — 5 саат 26 мүнөт;
·       Африка — 11 саат 27 мүнөт.

SpeedGeo маалыматына ылайык, Европада туруктуу интернеттин орточо ылдамдыгы 175,4 Мбит/с, ал эми Африкада 40,8 Мбит/с түзөт. Натыйжада Африкадагы интернет колдонуучуларына бир эле оюнду жүктөп алуу үчүн орточо эсеп менен төрт эседен ашык убакыт талап кылынат.

Эмне үчүн жүктөп алуу иш жүзүндө көп убакытты талап кылат

SpeedGeo компаниясынын эсептөөлөрү GTA VI оюнунун стандарттуу версиясынын көлөмү болжол менен 210 ГБ экенине негизделген. Ошондой эле жүктөп алуу учурунда интернеттин ылдамдыгы өзгөрбөйт деген шарт эске алынган.

Бирок иш жүзүндө Wi-Fi байланышынын туруксуздугу, тармакты башка түзмөктөрдүн бир убакта колдонушу, провайдер тарабынан коюлган чектөөлөр жана PlayStation же Xbox серверлеринин жүктөлүшү оюнду жүктөп алуу убактысын узартышы мүмкүн.

GTA VI оюнун алдын ала сатып алган колдонуучулар үчүн Rockstar Games компаниясы 10-ноябрдан тартып алдын ала жүктөө мүмкүнчүлүгүн ачкан. Бул оюн расмий түрдө 19-ноябрда жарык көргөнгө чейин анын негизги файлдарын жүктөп алууга шарт түзгөн.

Оюнду расмий чыккандан кийин орноткондор үчүн үй интернетинин ылдамдыгы дагы деле маанилүү. Ал эми оюнду орноткондон кийин анын өзүн ойноо үчүн жүктөп алуу ылдамдыгы чечүүчү мааниге ээ эмес. Онлайн функцияларды колдонууда интернет байланышынын туруктуулугу маанилүүрөөк.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кызыктуу

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк айыптарды салды

"Кыргызтест" сертификаты эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу берилиши мүмкүн

Нарындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу 65%га аткарылды

Ташка жан киргизген уста: Дастан Камиловдун чакан устаканадан чоң цехке чейинки максаты

Нарында 275 чакырым жол жарыктандырылды