Кыргызстанда юридикалык жакты каттоо үчүн жыйымдардын тарифи жогорулады
Министрлер кабинети юридикалык жактарды жана алардын филиалдарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алды. Аталган токтом өкмөттүн сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, юридикалык жакты жана филиалдарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар төмөндөгүдөй өзгөрдү:
- бир жумуш күндүн ичинде – 2581 сом (мурдагы тариф 1200 сомду түзгөн);
- алты сааттын ичинде – 3581 сом (мурда – 2500 сом);
- үч сааттын ичинде – 4581 сом (мурда – 3200 сом).
Мындан тышкары, финансы-кредиттик мекемелерди, коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин филиалдарын, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарды мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар да өзгөрдү:
- үч жумуш күндүн ичинде – 4281 сом (мурда – 1700 сом);
- бир жумуш күндүн ичинде – 5281 сом (мурда – 3000 сом);
- алты сааттын ичинде – 6481 сом (мурда – 3700 сом).
Юридикалык жактардын жана филиалдардын ишин токтотууну каттоо үчүн жыйымдар жогорулатылды:
- үч жумуш күндүн ичинде – 3150 сомго чейин (мурда – 940 сом);
- бир жумуш күндүн ичинде – 4250 сомго чейин (мурда – 1880 сом);
- алты сааттын ичинде – 4950 сомго чейин (мурда – 2820 сом).