Сабиздин түшүмү гектарынан 91 тоннага чейин жетти

Москва районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын дыйкандары быйылкы жылдын сабиз жыйноо кампаниясында жогорку көрсөткүчкө жетишкенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Министрликтин маалыматында 2025-жылы сабиздин орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 73 тоннаны түзүп, айрым аянттарда 91 тоннага чейин жеткени айтылат. Мындай жетишкендик дыйкандардын сапаттуу үрөн, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонуусунанжана жер семирткичтерди туура пайдалануу улам болгон. Жыйналган түшүмдүн көбүички рынокко жана кайра иштетүүчү ишканаларга жөнөтүлүп жатат. Андан артканы коңшу мамлекеттерге экспортко чыгарылат.