Санарип сом деген эмне жана ал качан жүгүртүүгө киргизилет?

Санарип сом деген эмне жана ал качан жүгүртүүгө киргизилет?

Замандын агымына жараша азыр өнүккөн өлкөлөрдө санарип валютаны жүгүртүү, аны кадимки турмуш тиричиликте колдонуу жылдан жылга активдешип бара жатат. Аны эске алуу менен Улуттук банк буга чейин санарип сомдун концепциясын иштеп чыккан. 2025-жылдын 20-мартында Жогорку Кеңеш мыйзамга санарип сомдун укуктук статусу боюнча бир катар өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырган. Алар 2027-жылдын январында күчүнө кирет. Мыйзам долбооруна ылайык, санарип сом Кыргызстанда мыйзамдуу төлөм каражаты катары колдонулат. Буга байланыштуу Ишкер MEDIA Улуттук банкка санарип сом айырмачылыктары, анын жүгүртүлүшү, жүгүртүүдөгү тобокелчиликтери тууралуу суроолорду узаттты.   

1.Санарип сомдун жүгүртүүгө чыгышы кайсыл айга же жылга пландаштырылган?

Санарип сомду жүгүртүүгө киргизүү бир нече этаптуу жана тактык даярдыкты талап кылат. Улуттук банк өз тараптан ишти технологиялык жана мыйзамдык багыттар боюнча жүргүзүүдө.

Мыйзамдык багытта, санарип сомдун укуктук статусун улуттук валютанын кошумча формасы катары бекемдөө максатында төмөнкү иштер аткарылды:

            – 2025-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы кабыл алынып, ага ылайык санарип сом расмий төлөм каражаты катары аныкталды жана анын эмиссиясын жана жүгүртүлүшүн жүзөгө ашыруу боюнча өзгөчө укук Улуттук банкка берилди.

– 2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын «Улуттук санарип валютанын – санарип сомдун укуктук статусуна байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынды.

            Эки мыйзам тең 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ошол эле учурда, технологиялык даярдык иштери жүрүп жатат: санарип сом платформасынын негизги компоненттери – эмиссия, которуулар жана эсепке алуу функциялары иштелип чыгып, сыноодон өткөрүлүүдө. 2025–2026-жылдары коопсуздукту, колдонуу ыңгайлуулугун жана каржы инфраструктурасы менен шайкештигин текшерүүгө багытталган тесттик жана пилоттук иштерди жүргүзүү пландаштырылган.

2. Санарип сомдун накталай сомдон негизги айырмачылыктары эмнеде?

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы үч формада болушу мүмкүн: накталай, накталай эмес жана санарип акча белгилери (санарип сом).

Накталай акча белгилери 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000, 5000 сомдук банкноттордо жана 1, 10, 50 тыйындык, ошондой эле 1, 3, 5 жана 10 сомдук тыйындар түрүндө жүгүртүүгө чыгарылат.

Санарип сом – бул ошол эле сом, анын эмитенти Улуттук банк болуп саналат, бирок ал санарип формада чыгат. Санарип сом атайын платформа аркылуу жүгүртүүгө чыгарылат. Жарандар өздөрүнүн санарип капчыктарына сомдорду жүктөп, аларды мобилдик түзмөктөр аркылуу колдоно алышат.

Маанилүүсү – санарип сом накталай же накталай эмес акчаны алмаштырбайт, аларды толуктайт. Жарандар үч формадагы акчаны тең колдоно алышат: накталай, накталай эмес жана санарип сом. Зарыл учурда акчаны бир формадан экинчисине оңой алмаштырууга болот – мисалы, накталайды санарип сомго же тескерисинче.

Демек, санарип сом кадимки төлөм ыкмаларын жокко чыгарбай, колдонууга ыңгайлуулукту жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кошот.

3) Санарип сомдун киришинин кандай артыкчылыктары бар?

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөдө төлөм инфраструктурасын заманбап деңгээлге жеткирүү жана төлөмдөрдү бардык экономика катышуучулары үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу, ылдам жана коопсуз кылуу багытында туруктуу иш алып барууда.

Санарип сом финансылык сектор үчүн технологиялык инструмент болуп, рыноктун катышуучуларына инновациялык кызматтарды түзүүгө жана алардын сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Ал накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн, анын ичинде аймактардагы үлүштү да кеңейтет, элге финансылык кызматтарга жетүүнү жеңилдетет жана мамлекеттик төлөмдөрдүн ачыктыгын жогорулатат.

Санарип сомду ишке киргизүү чек ара аралык эсептешүүлөрдү тездетет жана смарт-келишимдердин негизинде көптөгөн процесстерди автоматташтырууга мүмкүнчүлүк ачат. Бул жарандар жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, финансылык операциялардын ачыктыгын жогорулатат жана улуттук валютанын суверенитетин санарип доорунда чыңдайт.

4. Кандай тобокелдиктер болушу мүмкүн?

Ар кандай инновация сыяктуу эле, санарип сом да айрым тобокелдиктерге ээ – мисалы, киберкоопсуздук, маалыматты коргоо, банктардын ликвиддүүлүгүнө жана экономикага тийгизүүчү таасири.

Бул тобокелдиктерди алдын алуу үчүн Улуттук банк ишти этап-этабы менен жүргүзүүдө (тесттик иштер → пилот → ишке киргизүү чечими), чектөөлөрдү (лимиттерди) киргизүүнү, көз карандысыз аудиттерди жана стресс-тесттерди өткөрүүнү пландаштырууда. Мындай ыкма дүйнөлүк тажрыйбага жана эл аралык эксперттер, финансылык уюмдар менен болгон туруктуу консультацияларга негизделет.

Мындан тышкары окуңуз

Дональд Трамп АКШ менен Канаданы бириктирген көпүрөнү бөгөттөөрүн билдирди

Дональд Трамп АКШ менен Канаданы бириктирген көпүрөнү бөгөттөөрүн билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп АКШ менен Канаданы байланыштырган жаңы унаа көпүрөсүн "бардыгы үчүн толук компенсация" алгыча бөгөттөйм деп коркутту. "Мен бул көпүрөнүн ачылышына жол бербейм, эгерде АКШ аларга берген бардык нерсе үчүн толук компенсация албаса жана эң негизгиси, Канада АКШга биз татыктуу болгон адилеттүүлүк жана урмат менен

Чүй облусундагы агродүкөндөргө мониторинг жүргүзүлдү

Чүй облусундагы агродүкөндөргө мониторинг жүргүзүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Чүй облусунда агродүкөндөрдө жана агрозоовет сатуу жайларында мониторингдик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин, Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин жана Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө кызматынын жетекчилери катышты. Мониторингдин максаты

Быйыл Бишкек, Ош, Манас шаарларында 36 мектеп ишке берилет

Быйыл Бишкек, Ош, Манас шаарларында 36 мектеп ишке берилет

Кыргызстанда президенттин тапшырмасы менен мектептер курулуп жатканын Агартуу министрлигинин коллегиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында 20 мектеп, Ош шаарында 10 мектеп, Манас шаарында 6 мектеп курулууда. "Бул объектилерди 1-сентябрга чейин бүтүрүү пландалган болчу, бирок курулуш иштери бир аз кечигип башталды. Азыр аларды

Улуттук банк Бишкек шаарындагы 2 акча алмашуу бюросуна айып пул салды

Улуттук банк Бишкек шаарындагы 2 акча алмашуу бюросуна айып пул салды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросу жоопко тартылды. Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлагандай, ар бир акча алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ал эми алар кайсыл талаптарды аткарбай койгондугу тууралуу маалымат ачыкталган жок. Азыркы