Кызылча кантип шекерге айланат, же шекер өндүрүүнүн сырлары

Сокулук районунун Гавриловка айылынын 39 жаштагы тургуну Адыл Асылбашев 5 жылдан бери дыйкан чарбачылыгы менен алектенет. Жыл сайын ал талаага кызылча, жүгөрү жана арпа сээп, күзүндө алардын түшүмүн алат. 4 гектарга айдаган кызылчасы быйыл оюндагыдай болбой калганына Адыл азыр бушайман. Айтымында, 6 ай бою баладай бапестеп баккан түшүмү кетирген чыгымын да актабай калышы мүмкүн болуп турат.
- “Кызылчанын ар бир гектарына биз айдоодон баштап, казып алганга чейин 250 миң сомдой акча жумшайбыз. Алгач Франциядан келген кызылчанын үрөөнүн алып сепкенбиз, аныбызды мөндүр жаап, өспөй калгандыктан, экинчи жолу себүүгө туура келди. Былтыр аябай жакшы түшүм алганбыз, орто эсеп менен 80-100 тонна болгон. Быйыл болсо кургакчылыктын айынан 30-40 эле тонна алышыбыз күтүлүп жатат” – дейт фермер.


Адыл Асылбашев мобилдик тиркеме аркылуу электрондук кезекке тургандыктан, бүгүн анын кызылчасы казылып, Сокулук районунун Шопоков шаарындагы “Кошой” кант заводуна жөнөтүлөт. Кыргызстанда Адыл мырзага окшоп кант кызылчасын Чүй жана Талас өрөөнүндөгү фермерлер гана өстүрүп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна салымын кошуп жатат.
Күзүндө алынган түшүмдөн кумшекер чыгаруу - «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» кант заводдорунун иши. Шопоков шаарындагы «Кошой» заводу биринчи шекерди Ата Мекендик согуш учурунда өндүрүп баштаган. Ал кезде завод күнүнө 1 жарым миң тонна кызылчаны кабыл алуучу болсо, азыр 3 миң тоннага чейин кызылчаны кабыл жатат. Аталган заводдун кызылчаны кабыл алуу пунктунун башчысы Каныбек Толонгутовдун айтымында октябрь жана ноябрь айлары кант кызылчасын кабыл алып, кумшекер өндүрүүнүн сезону.
- Биз 1-октябрдан бери кызылчаны кабыл алууну баштаганбыз. Азыр бул жерде 40 миң тоннадай кызылчанын запасы бар, четинен заводго берип жатабыз. Күнүнө Сокулук районунан 150дөй камаз кызылча келет. Андан сырткары Кемин, Кант жана Ысык-Атанын кызылчалары вагон менен келип түшөт.


Келген кызылчалар электрондук таразага тартылып алынган соң, андагы кызылчанын сапаты текшерүүгө жиберилет. Тапшыруучу тарап кем дегенде 15 кг кызылчасын лабораторияга өткөрүп, бир нече мүнөттүн ичинде кызылчанын кирдиги жана шекердүүлүгү тууралуу маалыматка ээ болушат. Чийки заттар лабораториясынын башчысы Елена Бажинская кезектеги келип түшкөн кызылчанын сапатын бизге тажрыйба жүзүндө көрсөтүп берди.
- Кызылчанын унаасы таразадан чыккандан кийин ар бир 3-чү машинадан алынган кантты текшеребиз. Бул жерден тазаланып, тууралып, анын ширеси алынат да лабораториялык текшерүүдөн өтөт. Атайын шаймандардын жардамы менен автоматтык түрдө анын канттуулугу аныкталат. Орто эсеп менен кызылча 15% - 21%ке чейин канттуу болушу керек. Анын канттуу болушу - сортуна, өсүү шартына, жетилүүсүнө жана аба ырайына жараша өзгөрөт.

Кургакчылыктын айынан, быйылкы кызылчанын көлөмү майдараак, бирок шекердүүлүгү нормага туура келет. Жердин астынан алынган кызылчадагы кирди жууп тазалаш үчүн Кошой заводунда узак жана татаал процесс жолго салынган. Башкы технолог Гульнара Олейниктин айтымында, 2-3 этап менен жуулуп тазалангандан кийин, кызылча тууроочу жайга келип түшөт.
- Жуулуп тазалангандан кийин биздеги бункерлерге 800кгдан кем эмес кызылчалар салынат да, майда кесилип чыгат. Андан кийин диффузияланат да, ширеси өзүнчө бөлүнүп чыгат. Шире андан ары иштеп чыгууга алынат. Ал эми кантынан ажыраган калдыктар малга бериш үчүн атайын чункурларда сакталат да, кийин жергиликтүү калкка тоют катары сунушталат.


Ал эми шире атайын тазалоо процессинен өткөрүлүп, каныктырылат. Бир нече этап кайнап, чыпкаланган соң, ал тазаланып, ваакуум аппараттарына салынып, андан шекердин өзү кайнатылат. Ал жактан жогорку температурада кургатылып, аппак шекерлер чыга баштайт. Андан кийин алар 25 -50 кг-дык каптарга үкөктөлүп, кампада сактоого алынат. 40 жылдан ашуун убакыттан бери заводдо эмгектенген Алтынбек Мамбетов кампадагы шекердин сапаттуу жана коопсуз сакталышына жооп берет. Айтымында, Кошой заодунун 4 кампасы бар жана анын ар бири өндүрүлгөн кантты сактоого даяр.
- Жалпысынан азыр 3 жарым миң тонна даяр шекер сакталып турат. Албетте аны сактоодо тийиштүү талаптарды эске алуу зарыл. Шекер ысыктан да сууктан да коркот. Кампада 17-18 градус жылуулуктун болушу шарт.


Келишим боюнча дыйкандар өндүрүлгөн шекердин 30 пайызын акчалай, калганын даяр шекер түрүндө алышат. Ал эми аны сактоо опурталдуу болгондуктан, заводдун кампасында сактап, каалаган кезде алып чыгып кетишет. “Кошой” заводунун директору Павел Немченконун айтымында кумшекерди өндүрүш мезгили болжол менен эки айга созулат.
- “Негизги 2 айдан кийинки убакты биз - техникалык тейлөө мезгили деп коебуз. Сокулук районунун тургундарын биздин завод туруктуу иш менен камсыз кылып турат. Кант кызылчасын кайра иштетүү сезонунда үч кызылчаны кабыл алуу пунктун кошкондо 600дөн ашуун адам иштесе, оңдоо мезгилинде – 400 адам иштейт. Алардын орточо айлык маянасы сезондо 45-55 миң сом, оңдоо мезгилинде – 35-45 миң сомго жетет» - деп билдирди Павел Немченко.


Директордун айтымында өткөн жылы Кошой заводу 48 тонна кумшекер өндүргөн, быйыл болжол менен 22-23 миң тоннадай болушу күтүлөт. Бирок, бул шекердин тартыштыгын жаратат дегенди билдирбейт. Анткени кампада былтыркы шекердин запасы да бар. Андыктан шекердин баасы кымбаттайт деп кооптонууга да негиз жок.
«Кошой» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы жана «Кайыңды-Кант» директорлор кеңешинин мүчөсү - Алмазбек Алтыбаевдин айтымында азыр шекердин баасы тескерисинче түшүп жатат.
- Биздин фермерлер шекерди өндүргөндөн кийин сатып башташат, Анткени кредит, аренда акыларын жана башка муктаждыктарын жабыш керек. Ошондуктан рынокто шекердин көптүгүнө байланыштуу баасы түшүп жатат. Бул көрүнүш жыл сайын кайталанат. Дүйнөлүк прогноз боюнча да шекер профицит болуп жатат. Мисалы, Россияда эле шекер 1млн тоннага ашык өндүрүлүп, алар биздин башкы импортер болгондуктан, биздеги шекердин баасынын жогорулашына жол бербейт.


Учурда Кыргызстандын кант заводдорунда кумшекердин 1 килограммы 62 сом 50 тыйын. Шекердин арзандыгы калк үчүн жакшы болгону менен дыйкандар үчүн жагымсыз. Анткени алар жетиштүү киреше албаса, кийинки жылы кант кызылчасын айдабай коюшу ыктымаал. Бул болсо кайрадан шекердин тартыштыгына жана баанын кескин өсүшүнө алып келет» - деп билдирди Алмазбек Алтыбаев.