Кыргызстанда критикалык минералдар стратегиясы даярдалып жатат

Кыргызстанда критикалык минералдар стратегиясы даярдалып жатат

Кыргызстанда 22 критикалык минерал бар экенин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алишер Курманалиев “Кен казуу тармагы боюнча диалог: инвестиция, ачыктык, өнүгүү” форумунда билдирди.

Анын айтымында, Президенттин 2024-жылдын 22-январындагы экономиканы динамикалуу өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү элементтерди казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жарлыгынын алкагында критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясы даярдалып жатат. “Азырынча өлкөдө жалпы 22 критикалык минерал аныкталды жана тизме дагы кеңейтилет", - дейт министрдин орун басары.

Аталган министрлик өкүлүнүн пикиринде, критикалык минералдардын тизмесин иштеп чыгуу өлкөдөгү ресурстук коопсуздук, инвестиция тартуу, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке берилди

Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүштүк объект ишке берилди

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен Жалал-Абад облусунда 8 социалдык жана өндүрүш багытындагы объект расмий түрдө ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган иш-чара IV Элдик куралтайдын алкагында өткөрүлдү. Социалдык объекттердин ичинен: * Чаткал районунда – А. Чымканаев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп, Ак-Таш айылындагы спорт зал жана Мырзалиев атындагы жалпы билим

"Ош сити" долбооруна кытайлык инвесторлор 200 млн доллар инвестиция салган

"Ош сити" долбооруна кытайлык инвесторлор 200 млн доллар инвестиция салган

Ош шаарына чет элдик инвесторлор чоң ишеним көрсөтүп, ири инвестициялар тартылып жатканын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы калаада бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашат. “Кийинки жылдын жаз айында кытайлык инвесторлор таштандыларды кайра иштетүүчү заманбап завод куруу иштерин баштайт. Бул экологиялык абалды

Баткендин Пидап аймагында газдын кору изилденет

Баткендин Пидап аймагында газдын кору изилденет

Баткендин Пидап участкасындагы газдын кору изилденерин Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.  Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Айбек Шаменов Кадамжай районунудагы Пидап участкасындагы пайдаланылбай турган газ скважиналары жайгашкан аймакка барган.  Ал жеринде район акими Болот Баяке уулуна аймакта газдын запасын аныктоо боюнча иш чараларды жүргүзүү, тийиштүү министрликтерге изилдөө жүргүзүү боюнча сунуш каттарды жиберүүнү,

УКМКнын "Альфа" атайын кызматынын имараты ишке берилди

УКМКнын "Альфа" атайын кызматынын имараты ишке берилди

УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы кызматынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи өткөнүн атайын кызматтан билдиришти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, атайын күчтөрдүн кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн, эрдигин жана Мекенге берилгендигин белгиледи. Ошондой эле ал жаңы имараттын иштөө шарттары жана инфраструктурасы менен таанышып, күч