Кыргыз өндүрүшчүлөр көргөзмөсү Абу-Дабиде коюлду

Кыргыз өндүрүшчүлөр көргөзмөсү Абу-Дабиде коюлду

21-23-октябрда Абу-Даби шаарында Abu Dhabi International Food Exhibition (ADIFE 2025) эл аралык көргөзмөсү өтүп жатканын  Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. 

Кыргызстан буга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" борборунун демилгеси жана Кыргызстандын БАЭдеги элчилигинин колдоосу менен катышкан. 

Эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандан 12 ата мекендик компания катышып, көргөзмөдө кондитердик азыктарды, ичүүчү жана минералдык суусундуктарды, кулпунайды, кургатылган өрүктү, жаңгакты, мистени, органикалык майларды, ошондой эле буурчак жана фасоль сыяктуу айыл чарба продукцияларын сунуштап жатышат.

Кыргызстандын улуттук павильону “Made in Kyrgyzstan” брендин эл аралык рынокто илгерилетүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн коюлган. 

Мындан тышкары окуңуз

Дональд Трамп АКШ менен Канаданы бириктирген көпүрөнү бөгөттөөрүн билдирди

Дональд Трамп АКШ менен Канаданы бириктирген көпүрөнү бөгөттөөрүн билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп АКШ менен Канаданы байланыштырган жаңы унаа көпүрөсүн "бардыгы үчүн толук компенсация" алгыча бөгөттөйм деп коркутту. "Мен бул көпүрөнүн ачылышына жол бербейм, эгерде АКШ аларга берген бардык нерсе үчүн толук компенсация албаса жана эң негизгиси, Канада АКШга биз татыктуу болгон адилеттүүлүк жана урмат менен

Чүй облусундагы агродүкөндөргө мониторинг жүргүзүлдү

Чүй облусундагы агродүкөндөргө мониторинг жүргүзүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Чүй облусунда агродүкөндөрдө жана агрозоовет сатуу жайларында мониторингдик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин, Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин жана Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө кызматынын жетекчилери катышты. Мониторингдин максаты

Быйыл Бишкек, Ош, Манас шаарларында 36 мектеп ишке берилет

Быйыл Бишкек, Ош, Манас шаарларында 36 мектеп ишке берилет

Кыргызстанда президенттин тапшырмасы менен мектептер курулуп жатканын Агартуу министрлигинин коллегиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында 20 мектеп, Ош шаарында 10 мектеп, Манас шаарында 6 мектеп курулууда. "Бул объектилерди 1-сентябрга чейин бүтүрүү пландалган болчу, бирок курулуш иштери бир аз кечигип башталды. Азыр аларды

Улуттук банк Бишкек шаарындагы 2 акча алмашуу бюросуна айып пул салды

Улуттук банк Бишкек шаарындагы 2 акча алмашуу бюросуна айып пул салды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросу жоопко тартылды. Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлагандай, ар бир акча алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ал эми алар кайсыл талаптарды аткарбай койгондугу тууралуу маалымат ачыкталган жок. Азыркы