Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери салыкты кандай төлөшөт?

Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери салыкты кандай төлөшөт?

Креативдүү индустриялар паркындагы резиденттердин быйылкы  кирешеси 516 млн сомго жеткенин Креативдүү индустриялар паркынын директору Канышай Мамытова билдирди.

Анын айтымында, Креативдүү индустриялар паркынын резиденттер киреше салыгы, КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ордуна резиденттер квартал сайын киреше салыгын төлөшөт. 2023–2024-жылдары бул салык 0,5 пайызды, 2025-2026-жылдары 1 пайызды түзсө, 2027-жылы 2 пайыз болору маалымдалды.

“Мындан тышкары, бизде киреше салыгы жана социалдык төлөмдөр боюнча жеңилдиктер бар. Биздин Креативдүү индустриялар паркындагы салык режиминде жеңилдиктер бар. Башкача айтканда, киреше салыгы 10 пайыздын ордуна 5 пайызды түзөт. Ал эми социалдык чегерүүлөр туруктуу эмес жана эмгек акыга да көз каранды эмес. Ал эми иш берүүчү өзү да социалдык чегерүүлөрдөн бошотулган”, - деди Мамытова.

2024-жылдын үчүнчү кварталында Креативдүү индустриялар паркынын резиденттеринин жалпы кирешеси 44 млн сомду түзгөн. Резиденттер төлөгөн бирдиктүү салык 262 миң сом болуп, 93 жумуш орундары түзүлгөн.

2025-жыл ичинде резиденттердин жалпы кирешеси 516 млн сом болуп, төлөнгөн салык 5 млн 165 миң сомду түзгөн. Мында 591 жаңы жумуш орундары пайда болгон. 

Мындан тышкары окуңуз

Жыл башынан бери дыйкандарга 81,4 млн сомдук  техника лизингге берилди

Жыл башынан бери дыйкандарга 81,4 млн сомдук техника лизингге берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын жаңылоо жана заманбап айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу багытында иштерди жүргүзүп келет. Ведомствонун маалыматына ылайык, 2011-жылдан тартып министрликтин демилгеси жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу

Илон Маск: Айда 10 жылдан кийин шаар пайда болушу мүмкүн

Илон Маск: Айда 10 жылдан кийин шаар пайда болушу мүмкүн

"Алгачкы шаар Айда жакынкы 10 жылдын ичинде пайда болушу мүмкүн. SpaceX бул максатты өзү үчүн эң артыкчылыктуу деп эсептейт" деп билдирди компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск. "SpaceX өз фокусун Айда өз алдынча өнүгүп кете ала турган шаар курууга бурду, анткени теориялык жактан биз бул максатка 10 жылдан аз

Сауд Арабиясы Кыргызстанга мектептерди куруу үчүн 50 млн доллар жеңилдетилген насыя берет

Сауд Арабиясы Кыргызстанга мектептерди куруу үчүн 50 млн доллар жеңилдетилген насыя берет

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фонду ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу (II-фаза)” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул мыйзам 2026-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Макулдашуу Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген кредиттик каражаттарды тартуу

"Береке дан" ун заводу  өндүрүшүн кеңейтет

"Береке дан" ун заводу өндүрүшүн кеңейтет

Кечээ президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев "Береке дан" ун заводунун жетекчилери менен өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселесин талкуулады. Жолугушууга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышты. Облус башчысы өлкөдө ун азыктарына болгон муктаждык жогору экенин белгилеп, учурда сырткы импорттун көлөмүн азайтуу, жергиликтүү ишкерлердин продукциясын колдоо