М.Фрунзе үй-музейинде Палех чеберлеринин көргөзмөсү өтөт

М.Фрунзе үй-музейинде Палех чеберлеринин көргөзмөсү өтөт

Борборбуздагы М.В.Фрунзе мемориалдык үй-музейинде 4-ноябрь күнү “Палех көркөм искусствосундагы М.В. Фрунзенин келбети” көргөзмөсү өтөт. 

Маданият министрлигинин маалымат-кызматы билдиргендей, көргөзмөдө палех чеберлеринин палех миниатюрасынын салттуу техникасында аткарылган 14 иллюстрациядан турган уникалдуу сериясы көрүүчүлөр сынына коюлат.  

Иш-чара Иваново облусунун РУСО бөлүмү жана Иваново шаарындагы Тарых жана жергиликтүү таануу музейи менен өнөктөштүктө уюштурулуп, сүрөттөрдүн санарип көчүрмөлөрү жогорку сапатта берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк эсептик ченди 10%га көтөрүү чечимин  кабыл алды

Улуттук банк эсептик ченди 10%га көтөрүү чечимин кабыл алды

Улуттук банк башкармалыгы 27-октябрда эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алганын Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Ал бул чечим өлкөдөгү инфляциянын өсүшүн шарттаган тышкы чөйрөдөгү экономикалык жагдайларды эске алуу менен кабыл алынганын белгиледи. “Ушул жылдын алгачкы беш айында өлкөбүздө керектөө бааларынын динамикасы

Кыргызстан агроэкспортун 2030-жылга карата эки эсеге көбөйтүү пландалууда

Кыргызстан агроэкспортун 2030-жылга карата эки эсеге көбөйтүү пландалууда

KyrgyzTransLogistic 2025 эл аралык көргөзмөсүнүн панелдик сессиясында Кыргызстан 2030-жылга карата агороэкспорт көлөмүн эки эсеге көбөйтүүнү максат кылып жатканын КРнын Агроөноржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев билдирди.  Ал өткөн жылы кол коюлган Президенттин “Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык экпортту стимулдаштыруу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү

Кыргыз сому 17-ноябрда "Учкун" басмаканасында чыга баштайт

Кыргыз сому 17-ноябрда "Учкун" басмаканасында чыга баштайт

17-ноябрдан тарта Кыргызстан ичинде 20 жана 50 номиналындагы сомдор чыгарыла баштары кечээ Президент Садыр Жапаровдун Улуттук Банктын жаңыланган имаратын көрүү убагында маалым болду.  Президенттин маалымат-катчысы Аскат Алагөзов Facebook социалдык тармагына койгон видеодо өлкө башчысы Кыргызстанда жаңы жылга чейин акчалар басылып чыгар чыкпасын тактап жатканын көрүүгө болот.  Бул ишти көзөмөлдөгөн Президенттин

Кыргызстандын эл аралык резерви 7,5 млрд долларды түзөт

Кыргызстандын эл аралык резерви 7,5 млрд долларды түзөт

Кыргызстандын эл аралык резерви 2025-жылдын 1-октябрына карата 7,5 млрд. долларды түзүп, жыл башынан бери 48,5%га жогорулаганын бүгүн Улуттук банк төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.  Анын айтымында, жеткиликтүү деңгээлдеги резервдерди кармоо сырткы экономикалык тобокелчиликтерди азайтууда жана инвесторлордун ишенимин бекемдөөдө ишеничтүү таяныч катары кызмат кылат.  А.Козубековдун маалыматы