7-8- ноябрь тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди жыл сайын Кыргызстанда 7-8-ноябрда белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен “Ишкер медианын” жалпы жамааты куттуктайт.
Кыргыз эли өзүнүн кылым карыткан тарыхында далай орчундуу окуяларды башынан өткөрдү. Өз тарыхыбызды эскерип, ата-бабаларыбызды урматтоо, алардын эрдигине таазим кылып, мураска келген байлыгыбызды барктап, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү - ар бирибиздин ыйык милдетибиз.
Урматтуу "Ишкер медианын" окурмандары!
Биз сиздердин ар бириңиздерге - бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат турмуш жана аруу тилектердин орундалышын каалайбыз.
Кыргызстаныбыз алдыга карай өсүп-өнүгө берсин, элибизде тынчтык, жергебизде туруктуулук болсун жана иштеген ишибизди ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн! Майрамыңыздар менен!