Кыргызстан азык-түлүктөрү эл аралык көргөзмөдө коюлду
Кыргызстандын азык-түлүк өндүрүүчү компаниялары ушул тапта Кытайда өтүп жаткан эл аралык импорттук көргөзмөгө (CIIE) катышып жатышат.
"Кыргыз экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунан билдиришкендей, ата мекендик 15 компания өздөрү өндүргөн продукцияларды элдин назарына коюшат.
Анын ичинде бал жана бал азыктары, алкоголдук ичимдиктер, кол өнөрчүлүк буюмдары жана кыргыз усталарынын чеберчилигин чагылдырган териден жасалган буюмдар бар.
Көргөзмөгө катышуу өлкөнүн улуттук брендин жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде илгерилетип, Кыргызстанга Кытай базарында органикалык жана экологиялык таза товарларын кеңири жайылтууга шарт түзөт.
Аталган иш чара "Кыргыз экспорт" борбору, Экономика жана коммерция министрлигинин Кытайдагы Соода өкүлчүлүгүнүн жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган.