Президент АКШга РегТек инновацияларынын аймактык хабын түзүүнү сунуштады

Президент АКШга РегТек инновацияларынын аймактык хабын түзүүнү сунуштады

Кыргызстанда IT кызмат көрсөтүүлөрүн экспорттоо жакшы өнүгүп жатканын президент Садыр Жапаров Вашингтон шаарында өткөн "Борбордук Азия - АКШ" (C5+1) саммитинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 5 жылда Кыргызстандан АКШга IT кызматынын экспорту 45 эсеге көбөйгөн.  Өлкө башчысы белгилегендей, 2024-жылы кыргыз IT адистери дүйнөнүн 63төн ашык мамлекетине кызматтарын 130 млн долларга экспорттогон. 

“IT кызматтарынын 40%ы Америкага экспорттолду, анын ичинде Силикон өрөөнүндөгү компанияларга. Эл аралык Чейн анализис (Chainalysis) индексине ылайык, учурда Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турат. Бул жагынан алганда, Кыргызстан АКШ санариптик жөнгө салууну, анын ичинде РегТек (RegTech) инновацияларын өнүктүрүүдө өнөктөштүктү сунуштайт. Тактап айтканда, Америка тарапка Кыргызстанда РегТек инновацияларынын аймактык хабын (RegTech Trust Hub) түзүүнү сунуштамакчымын”, - деди мамлекет башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталат

Мамлекеттик автомектептерге кабыл алуу 10-февралда башталат

Кыргызстанда 10-февралдан тартып мамлекеттик автомектептерге онлайн каттоо жана жаңы программалардын киргизилиши башталат Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматы боюнча, арыздар алгачкы каттоо үчүн гана онлайн форматта расмий  avtomektep.srs.kg сайты аркылуу кабыл алынат. Арыз берүү үчүн жеке маалыматтарды толтуруу, окутуу аймагын тандап, айдоочулук күбөлүктүн

Кыргызстанда кайрак жерлерге сафлордун "Ершовский" сорту эгилет

Кыргызстанда кайрак жерлерге сафлордун "Ершовский" сорту эгилет

Ак-Талаа районунда сафлор өсүмдүгүнөн май алына баштаганын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, аталган райондун кайрак жерлерине өсүмдүктүн "Ершовский" сорту себилген. "

Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун кызматкерлери кармалды

Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун кызматкерлери кармалды

Бишкек шаардык Мамлекеттик транспорттук каражаттарды каттоо борборунун үч кызматкери кармалганын Чүй облустук ИИМинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин аймактык ИИМдин кызматкерлери жеке автомектептерди бүтүрүү тууралуу жалган күбөлүктөрдү жасаган кылмыштуу топ аныкталганын билдиришкен. Бул топтун директорлору Б.Т. жана М.А. ортомчу И.Т. аркылуу жасалма окутуу үчүн 40 миңден

МинКаб менчиктештирүү мыйзамына кирген өзгөртүүлөрдү талкууга койду

МинКаб менчиктештирүү мыйзамына кирген өзгөртүүлөрдү талкууга койду

Жарандардын талкуусуна "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору чыгарылды. Бул документ мамлекеттик мүлктү сатуу эрежелерин жаңыртып, менчиктештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрөт. Өзгөртүүлөр мамлекеттик менчектеги кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча жаңы нормаларды киргизүүнү карайт, бирок бул акциялар жана чарба коомдорундагы үлүштөргө тиешелүү эмес. Мындай сатуу тартиби МинКабдын