Кыргыз улуттук баштыктарын тигүү мастер-классы өттү
Бүгүн Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт искусствосу музейинде кыргызу курун, жеке буюумдарды салып жүрө турган жана белди кооздой турган баштыктарды даярдоо жана тигүү боюнча мастер-класс өттү.
Музейден белгилешкендей мастер-классты КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, дизайнер жана чебер Турар Турганалы жүргүзгөн.
Мындай кол өнөрчүлүккө кызыккандар музейде кыргыз кол өнөрчүлүк буюумдары кандай жасаларын өз көздөрү менен көрүп кетишти.