АКШ лидери Д.Трампты жактыруу рейтинги 38%га түшкөнү маалым болду

АКШ лидери Д.Трампты жактыруу рейтинги 38%га түшкөнү маалым болду

АКШ президенти Дональд Трампты өлкө башчы катары жактыруу рейтинги америкалыктар арасында 38%га түшүп калганы Ipsos компаниясы менен Reuters агенттигинин сурамжылоосунда көрсөтүлгөн. 

Бул Ак үй башчысынын рейтингинин эң төмөнкү чеги эмес, буга чейин анын биринчи президенттик мөөнөтүндө рейтинги 33%га чейин түшкөн. Эл анын белгилүү финансист, сот жообуна тартылган педофиль Джеффри Эпштейндин кылмыш иштерин жарыялоого бут тосконуна нааразы болгон. Сурамжылоого катышкандар өлкө башчысы кийин позициясын өзгөртүп, кылмышкер тууралуу материалдарды жарыялоого чакырганына карабай анын бул катасын баса көрсөтүшкөн.

Мындан сырткары, америкалыктардын көбү Дональд Трамптын администрациясы инфляциянын жогорулашын ооздуктай албай жатат деген пикирде.  

Сурамжылоого 1 миң 17 америкалык адам катышкан. Президенттик мөөнөтүнүн башында Д.Трампты жактыруу рейтинги 47% болгон. 

Мындан тышкары окуңуз

Парламентте "уйкудагы  15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору  жактырылды

Парламентте "уйкудагы 15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Товардык биржалар жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул документ 1992-жылдан бери колдонулуп келген эски мыйзамды толугу менен алмаштырууну көздөйт. Жаңы мыйзам долбоору соода аянтчаларынын иштөө тартибин, соодага катышуучуларга коюлган талаптарды жана мамлекеттик көзөмөл системасын так аныктайт. Долбоорго ылайык,

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кант шаарына жакын жайгашкан "Ак-Тилек — Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жана "Кең-Булуң" КППсында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгонун айдоочулар Kaktus.mediaга билдиришкен. Алардын айтымында, мындай абал бир жумадай убакыттан бери уланып жатат. "Тез бузулуучу жүктөрдү кезексиз өткөрүп жатабыз, айдоочулар өз ара түшүнүшүү менен өткөрүп

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан"  369,3 млн сом түштү

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан" 369,3 млн сом түштү

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине чет өлкөлүк компаниялар көрсөткөн электрондук кызматтарга салынуучу кошумча нарк салыгынын (КНС), башкача айтканда "Google салыгынын" эсебинен 369 млн 308,7 миң сом (болжол менен 4,2 млн доллар) түшкөнү Финансы министрлигинин отчетунда айтылат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 108,

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда жетим калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди. Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2005-жылы мурдагы Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен жеке жактарга 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган.  Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына