Кургакчылык Түркмөнстандын эки суу сактагычын соолутту

Кургакчылык Түркмөнстандын эки суу сактагычын соолутту

Түркмөнстандын Балкан облусунда кургакчылыктан улам Этрек дарыясынын суусун чогулткан Мамметкель жана Делили суук сактагычтары кургап калганын “Метеожурнал” жазды. 

Маалыматта 2024-2025-жылдардагы суук мезгилдерде кардын аз жаашынан улам бул суу сактагычтар суу чогултмак тургай, бир бөлүгүнөн да ажыраган. Аймактагы жазгы кургакчыл мезгилде суук сактагыч бөксөрүп, Этрек дарыясынан суу келбегендиктен суунун калган бөлүгү бууланып кектен. 

Быйылкы жылдын март айында Мамметкель суу сактагычынын аянты 2,5 чарчы километрге кыскарып, Делили дээрлик какшып калган. Июнь айында Мамметкель суу сактагычы да толук кургап калган. Буга чейин бул суу сактагыч 2021-жылы да толук какшып калган. 

Мамметкель суу сактагычы 1964-жылы колдонууга берилип, толук көлөмү 20,5 млн метр кубду түзгөн.  Делили суу сактагычы 1970-жылы колдонула баштаган жана анын толык сыйымдуулугу 5,32 млн метр куб. 

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар"

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы 30-мартта мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун карады. Анда эки жер тилкесин — Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) дареги боюнча — мамлекетке өткөрүү сунушталган. Бул демилге Президенттин иш башкармалыгынын 2026-жылдын 20-январындагы кайрылуусунун негизинде көтөрүлгөн. "

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Суу райондук прокуратурасы мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи жана 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги белгилүү болду.

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой