"Титаникте" чөгүп кеткен Исидор Штраустун алтын сааты 2,3 млн долларга сатылды

"Титаникте" чөгүп кеткен Исидор Штраустун алтын сааты 2,3 млн долларга сатылды

“Титаниктеги” чөгүп кеткен үй-бүлөлүк түгөйлөрдүн алтын сааты Henry Aldridge and Son аукциондук үйү өткөргөн аукциондо тооруктун жыйынтыгы менен 2,33 млн долларга сатылганын Daily Mail агенттиги маалымдады.

IS инициалы бар германиялык-америкалык магнат Исидор Штрауска тиешелүү жана  рекорддук суммага сатылган бул Jules Jurgensen саатын ага 1888-жылы жубайы белек кылган.
Аталган саат 2,33 млн долларга сатылып, былтыр 1,56 фунт стерлингге бааланган “Карпатия” кемесинин ээси Артур Генри Рострондун алтын саатынын рекордунан ашып кеткен.  “Карпатия” кемеси кезинде “Титаниктеги” 700дөн ашык жүргүнчүнү куткарган. 

 Эске салсак, германиялык-америкалык магнат Исидор Штраус менен анын жубайы Ида Штраустун жашоосунун акыркы мүнөттөрү Джеймс Кэмерондун “Титаник” фильминде чагылдырылган. “Титаник” сууга чөккөн мезгилде Ида Штраус күйөөсүн таштабаш үчүн куткаруучу кайыктагы орундан баш тарткан. Кеме чөккөндөн бир нече күн өткөндөн кийин Исидор Штраустун денесин жана анын буюмдарын Атлантика океанынан алып чыгышкан.  Буюмдардын арасында анын 02.20да токтоп калган алтын сааты да болгон. Саат магнаттын уулу Джесси Штрауска берилген. 

Эске салсак, Исидор Штраус кезинде Macy’s, универмагынын негиздөөчүсү болгон. Ушул тапта ал АКШнын эң чоң чекене соода дүкөнү болуп эсептелет. 

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда 61 чакырым жол куруу иши башталды

Талас облусунда титулдук тизмеге кирген 61 чакырым унаа жолун куруу иштерине каражат бөлүнүп, иштер башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл облус боюнча жалпысынан 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Анын 61 чакырымы титулдук тизме аркылуу, ал эми 160 чакырымы "Мамлекеттик капиталдык салымдар"

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы 30-мартта мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун карады. Анда эки жер тилкесин — Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) дареги боюнча — мамлекетке өткөрүү сунушталган. Бул демилге Президенттин иш башкармалыгынын 2026-жылдын 20-январындагы кайрылуусунун негизинде көтөрүлгөн. "

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Суу райондук прокуратурасы мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи жана 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги белгилүү болду.

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой