"Манас" эпосунда 600дөй каарман, 500дөн ашык жер аттары бар

"Манас" эпосунда 600дөй каарман, 500дөн ашык жер аттары бар

Бүгүн Кыргызстанда улуу “Манас” эпосунун күнү белгиленип жатат. Бул дата 2015-жылы Кыргызстан өкмөтүнүн токтому менен  эпосту сактоо жана популяризациялоо үчүн бекитилген. 

Чынында эпос көлөмү жагынан дүйнөдөгү оозеки чыгармалардын эң көлөмдүүсү десек болот. 

Сагымбай Орозбаков варианты боюнча бир эле “Манас” бөлүмү 180 387 саптан турат.  
Саякбая Каралаевдин үчилтиги 500 553 сап менен кагазга түшүрүлгөн. Анын ичинен 84 513 сап “Манас” бөлүмүндө,  316 157 сап — “Семетейде”,  84697 сап – "Сейтекте".

Жусупа Мамайдын 8 бөлүмдөн турган “Манас” эпосунда – 232 011 сап бар, анын ичинен 53 280 сап — “Манас”, 35 246 — “Семетей”  жана  22 590  сап — “Сейтекте”. 

Эпосто жалпы 600дөй каармандын аты аталат. Ошондой эле эпосто 500дөн ашык жер аттары айтылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасс аймагына Кыргызстандан жана Казакстандан 121 тонна жаңы жашылча жеткирилгенин Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын Сибирь аймактар аралык башкармалыгы билдирди. Жалпы жүктүн 66 тоннасы баш пияз, 33 тоннасы жаңы помидор жана 20 тоннасы сабизди түзөт. Өнүмдөр Кемерово шаарындагы сыноо лабораториясында бардык зарыл изилдөөлөрдөн өткөрүлгөн. Маалыматта белгиленгендей, жүктөргө

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

КРнын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө Жарлыктарына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Президент кол койгон документтер КРнын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана жарандыктан ажыратуу маселелерин камтыйт. Бул чечимдер өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кабыл алынып,

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык