Никелешүү күбөлүгү санарипттик жана кагаз түрүндө берилет

Никелешүү күбөлүгү санарипттик жана кагаз түрүндө берилет

“Кызмат” мамлекеттик мекемеси ЖМКларга Жарандык акыбалды каттоо актысын берүүчү мекеме (ЗАГС) тарабынан берилүүчү жаңы санариптик жана типографиялык күбөлүктөрдү тааныштырды. Эми эки түрдөгү бланк болот: санарип жана кагаз. Бул — Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтарды санарип документтерге өткөрүү боюнча кийинки этап.

“Кызмат” ММнин директорунун орун басары Эрнес Досалиевдин айтымында, бул —бардык жарандык абал актыларын жеңилдетилген тартипте алуу үчүн мамлекет жүргүзүп жаткан жаңы саясат. Эми бул документтерди “Түндүк” порталындагы санарип форматта пайдаланса болот.

“Жаңы бланктар — санариптештирүү жолундагы маанилүү кадам. Бул мамлекеттик кызматтарды алууну жөнөкөйлөтүүнү көздөйт. Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы №161 токтому менен эки түрдөгү бланк бекитилди: санарип жана типографиялык. Техникалык талаптарды жумушчу комиссия бекиткен, ал эми бланктарда 10дон ашык коргоо элементтери бар”— дейт паспорт иштери жана жарандык абал актылары бөлүмүнүн башчысы Перизат Сейдакматова.
Анын айтымында, эми жаран онлайн кезекке жазылып, КТБга келип, эч кандай документ алып келбестен, “Түндүк” мобилдик тиркемесиндеги ID-картаны колдонсо жетиштүү болот.

Баланын төрөлүшү боюнча медициналык күбөлүк да автоматташтырылган. Ал да жарандын телефонунда болот. Эгер күбөлүктү чек арадан өтүү үчүн көрсөтүү зарыл болсо, аны типографиялык бланкка басып чыгарууга мүмкүнчүлүк бар.

“Система автоматтык түрдө санарип күбөлүктү түзөт, анда жеке номер болот жана ал типографиялык бланкка да түшүрүлөт. Бул күбөлүктөрдү кайрадан алуу учурларын азайтуу үчүн жасалган”,-дейт ал. 

Мындан тышкары окуңуз

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасс аймагына Кыргызстандан жана Казакстандан 121 тонна жаңы жашылча жеткирилгенин Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын Сибирь аймактар аралык башкармалыгы билдирди. Жалпы жүктүн 66 тоннасы баш пияз, 33 тоннасы жаңы помидор жана 20 тоннасы сабизди түзөт. Өнүмдөр Кемерово шаарындагы сыноо лабораториясында бардык зарыл изилдөөлөрдөн өткөрүлгөн. Маалыматта белгиленгендей, жүктөргө

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан.

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Президент кыргыз жарандыгына кабыл алуу жана ажыратуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

КРнын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө Жарлыктарына кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Президент кол койгон документтер КРнын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана жарандыктан ажыратуу маселелерин камтыйт. Бул чечимдер өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кабыл алынып,

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык