"Эң таза шаар", "Эң таза айыл аймагы" республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

"Эң таза шаар", "Эң таза айыл аймагы" республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

29-декабрда Жаратылыш ресурстары министрлигинде "Эң таза шаар" жана "Эң таза айыл аймагы" аттуу республикалык конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, конкурстун жыйынтыгы боюнча жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев жеңүүчүлөргө сертификаттарды жана баалуу сыйлыктарды төмөнкү номинациялар боюнча тапшырды:

  • Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айыл аймагына — "Шумкар" үлгүсүндөгү автотехниканы алуу үчүн сертификат;
  • Баткен облусунун Раззаков шаарына — таштандыларды сорттоочу линияны алуу үчүн сертификат;
  • Чүй облусунун Орловка шаарына — кошумча сыйлык катары үч дөңгөлөктүү мотороллер.

Сыйлоо аземинин алкагында экология тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон өнөктөштөр да сыйланышты.

Маалыматта айтылгандай, аталган конкурс жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын калктуу конуштардын санитардык абалын жакшыртууга, калктын экологиялык маданиятын жогорулатууга жана катуу тиричилик калдыктарын натыйжалуу башкаруу тутумун өнүктүрүүгө дем берүү максатын көздөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду. Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту