Нью-Йорктун жаңы мэри З.Мамдани Куранга кол коюп ант берди
Жаңы жыл түнүндө Нью-Йорк шаарына мэр болуп шайланган Зохран Мамдани расмий түрдө кызматка киришкенин "Азаттык" жазды. Ант берүү аземи 2026-жылдын алгачкы мүнөттөрүндө Манхэттендеги эксплуатациядан чыгарылган эң эски City Hall метростанциясында өттү.
Мамдани үчүн чоң атасына таандык Куранга жана Афроамерикалык маданиятты изилдөө борборунун коллекциясындагы XVIII кылымдын аягына же XIX кылымдын башына таандык Куранга кол коюп ант берген.
Азем учурунда Мамдани катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Транспорт департаментинин жаңы комиссары болуп Майк Флинн дайындалганын жарыялады.
Социалист Зохран Мамдани 34 жашта. Угандада туулган. Жети жашка чыкканда үй-бүлөсү менен Нью-Йорк шаарына көчүп барган. Апасы Мира Наир белгилүү кинорежиссер, атасы Колумбия университетинин профессору. Ата-энеси экөө тең Гарвард университетин аяктаган.
Американын жарандыгын мэр 2018-жылы алган, былтыр башында теги сириялык Рама Дуважиге үйлөнгөн. Мамдани 2025-жылдын ноябрь айында өткөн шайлоону жеңген.