"Хан-Теңири" паркында күрөң аюулар көбөйүп бара жатат

"Хан-Теңири" паркында күрөң аюулар көбөйүп бара жатат

Мамлекеттик "Хан-Теңири" жаратылыш паркында жапайы жаныбарлардын, анын ичинде Кызыл китепке кирген күрөң аюулардын саны өсүп жатканы байкалган.

Парк берген маалыматка ылайык, учурда "Хан-Теңири" аймагында Тянь-Шань ак тырмактуу күрөң аюулары деп да аталган күрөң аюулардын саны 20га чейин жетет.

Тянь-Шань ак тырмактуу аюусу — күрөң аюунун (Ursus arctos) сейрек кездешүүчү түрү болуп саналат. Ал Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнүн Кызыл китептерине киргизилген жана Өзбекстан менен Кыргызстанда корголуучу жаныбар катары саналат.

Парк өкүлдөрүнүн айтымында, буга чейин аюулар Кыргызстан аймагынын дээрлик бардык бөлүгүн мекендешкен. Азыркы учурда алардын жашоо чөйрөсү кыйла кыскарып, аюулар аз санда гана бийик тоолуу аймактарда сакталып калган. Аюулар үчүн эң ылайыктуу жашоо чөйрөсү — коюу чөп өскөн, бадалдарга бай, саздак жерлер жана суу объектилери менен алмашып турган тынч, жеткиликсиз бийик тоолуу аймактар болуп эсептелет.

2024-жылдын июль айында Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга байланыштуу айып пулдардын өлчөмү жогорулатылган. Тактап айтканда, күрөң аюуну аткандарга 1,5 миллион сом айып пул салынат (мурда 1 миллион сом болгон).

"Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы Ысык-Көл облусунун чыгыш бөлүгүндө, Күнгөй жана Тескей Ала-Тоо тоо кыркаларынын кесилишинде, Сары-Жаз дарыясынын алабында жайгашкан. Дал ушул аймакта Жеңиш чокусу (7439 м) жана Хан-Теңири чокусу (6995 м) орун алган.

Парк 4 участокко бөлүнөт: Адыр-Төр, Сары-Жаз, Эңилчек жана Кайыңды. Ошондой эле жаратылыш паркы функционалдык зоналарга бөлүнгөн: корук зонасы, экологиялык стабилдештирүү зонасы, туристтик-рекреациялык зона жана чектелген чарбалык иш жүргүзүү зонасы.

Мындан тышкары окуңуз

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат

Россияда иштеген кыргызстандык ишкерлер Кыргызстанга накталай акча алып кире албай жатышканын айтып даттанышканын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев билдирди. Анын айтымында, ага жергиликтүү ишкерлерден эки арыз түшкөн. "Алар УКМКнын 30-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош жана Бишкек аэропорттору аркылуу накталай акчаны Кыргызстанга алып кирүүгө уруксат бербей жатканын айтышууда. Бул туура

Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Оштун Өзбекстан менен чектешкен аймагында ЭЭЗ ачуу сунушталды

Ош облусунун тургундары Өзбекстан менен чек ара тилкесинде эркин экономикалык аймак (ЭЭЗ) ачып берүүнү суранып жатышканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ушундай аймактарды түзүүнүн оң тажрыйбасы чек ара аймактарынын өнүгүүсүндө жакшы динамиканы көрсөттү. Депутаттын пикиринде, Ош облусунда ЭЭЗ ачуу аймактын экономикасына олуттуу

Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды

Нарында быйыл 2 443 турак жай камсыздандырылды

Нарын облусунда жыл башынан бери 2 миң 443 турак жай камсыздандырылып, 1 жаранга 308 миң 974 сомдук кенемте төлөнүп берилгенин "Кабар" агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директорунун орун басары Нурсултан Мамытов билдирди. Анын айтымында, аймакта турак жайын камсыздандыргандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. "Бул көрсөткүчтү мындан

ИИМ 25 млн сомдук материалдык зыян келтирген УКТ мүчөлөрүн кармады

ИИМ 25 млн сомдук материалдык зыян келтирген УКТ мүчөлөрүн кармады

ИИМ 15 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаганын ведомстводон билдиришти. Кармалгандар мурда бир нече жолу соттолгон жана УКТнын активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган. Алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук жана каракчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Кылмышкерлер административдик имараттарды, соода объектилерин жана кеңселерди тоноо менен алектенишкен. Кылмыш жасоодо топтун мүчөлөрү