Япониядагы балык аукционунда тон балыгы 3,2 млн долларга сатылды

Япониядагы балык аукционунда тон балыгы 3,2 млн долларга сатылды

Япониядагы балык аукционунда тон балыгы (тунец) 3,2 млн долларга сатылып, рекорд жаңыртылды. Бул Токионун Тоёсу базарындагы жаңы жылдагы алгачкы соода болду.

Салмагы 243 килограмм болгон көк тон балыгы 510 млн иенге (3,2 млн доллар) сатылды. Балык Япониянын түндүгүндө жайгашкан Аомори префектурасынын акваториясынан кармалган.

Бул сумма 1999-жылдын январында коюлган рекорддон ашып түштү. Анда тон балыгы 333,6 млн иенге (2,9 млн доллар) сатылган.

Токио шаарындагы аукциондо жергиликтүү рестораторлордун мындай чоң сумма коротушу аброй маселеси менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле жаңы жылдын алгачкы соодасында негизги лотту сатып алуу бизнеске ийгилик алып келет деген ишеним бар.

Мындан тышкары окуңуз

Элкарт жана HUMO өлкөлөр арасында нак эмес эсептешүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачууда

Элкарт жана HUMO өлкөлөр арасында нак эмес эсептешүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачууда

Эми улуттук төлөм карт “Элкарт” ээлери Өзбекстанда соода кылып, накталай акчаларын чыгара алышат. Ал эми Өзбекстандын улуттук төлөм системасы HUMOнун карт ээлери ушундай эле мүмкүнчүлүтөрүн Кыргызстанда колдоно алышат. Мындай билдирүүнү “Элкарт” улуттук төлөм системасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.  Билдирүүгө караганда, валюта алмаштырып же эл аралык карталарды колдонбой эле койсо болот.

Экс эл өкүлү С.Айжигитовдун ипотека тууралуу сунушун мамлекет башчы карап чыкты

Экс эл өкүлү С.Айжигитовдун ипотека тууралуу сунушун мамлекет башчы карап чыкты

Коомчулук тарабынан айтылган сунуш-пикирлер же кандайдыр маалыматтар тараса өлкө жетекчилигине маалымат иретинде жеткирилип турат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, Фейсбукта Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов ипотекалык үйлөрдүн курулушу боюнча сунушунун билдирген. Анда ал ипотекалык батирлердин 1 кв/м элге 300 АКШ долларынан

Сокулукта сафлор аянтын кеңейтүү максат кылынып жатат

Сокулукта сафлор аянтын кеңейтүү максат кылынып жатат

Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу сафлордон алынган жымыхты малдарга тоют катары колдонуу менен айыл чарба тармагында кошумча баалуулук жаратууну максат кылууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Сокулук райондук мамлекеттик өнүктүрүү фонду тарабынан аталган чарбага керектүү жабдыктар алынып берилди. Учурда чакан цех сафлор айдоону өздөштүрүп,

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

Өзбекстандын тышкы карызы 75,4 млрд долларга жетти

2025-жылдын 1-октябрына карата Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 75,4 млрд долларга жеткенин өлкөнүн Борбордук банкы билдиргенин "Кабар" агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, жылдын тогуз айында мамлекеттик тышкы карыз 10%га, ал эми ишканалардын тышкы карызы дээрлик 27%га көбөйгөн. 2025-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөнүн тышкы карызы жалпы 11,3