Кыргызстандын Тянь-Шань тоолору "2026-жылы саякаттай турган жерлердин" тизмесине кирди

Кыргызстандын Тянь-Шань тоолору "2026-жылы саякаттай турган жерлердин" тизмесине кирди

The New York Times басылмасы "2026-жылы саякаттай турган жерлердин" тизмесине Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорун кошконун "Азаттык" жазды. Макалада өлкөнүн чыгышынан батышына чейин созулуп, Теңир-Тоону аралап өткөн багыт сунушталат.

Жалпы узундугу 1 243 чакырым болгон бул жолду басылманын Travel бөлүмүнүн редакторлору Борбор Азиядагы эң таасирдүү жөө жүргөнгө ылайыктуу деп мүнөздөшөт.

Негизги кооз жайлардын катарында Көл-Суу көлү, XV кылымда курулган Таш-Рабат кербен сарайы, ошондой эле Саймалуу-Таш аймагы бар.

Редакторлор аймакка июндан сентябрга чейин саякаттоону сунушташат. Алар белгилегендей, бул маалда ашуулар ачылып, тоо көлдөрү тоңо элек болот.

The New York Times басылмасынын журналисттеринин баамында, бул маршрут жаратылышты, тарыхты жана көчмөндөрдүн мурасын бириктирген, 2026-жылы сөзсүз көрүүгө тийиш болгон багыттардын бири. Быйылкы тизмеге Борбор Азиядан бир гана Кыргызстан илинген.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан Кыргызстанга унаа экспорттоо 2025-жылдын эки айына салыштырмалуу 48,4%га өстү

Кытайдан автоунаа экспорту 2026-жылдын башынан бери 1,5 эсеге өскөнүн Кытай автоөндүрүүчүлөр ассоциациясы билдирди. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алгачкы эки айында Кытайдан экспорттолгон автоунаалардын саны 1,35 млн даанадан ашып, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 48,4%га көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы энергия булактарында иштеген автоунаалардын (NEV) экспорту 110%

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот

Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап 2030-жылга карата 21,6 млрд киловатт-саатка чейин өсөрүн Евразия өнүктүрүү банкынын тармактык талдоо борборунун улук аналитиги Демир Кабылбаев 19-мартта энергетикалык өтүү боюнча баяндама презентациясында билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылы фактикалык керектөө 18,3 млрд кВт·с түзгөн (2025-жылдын жыйынтыгы боюнча — 19,3 млрд кВт·с). Диаграммага

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулган соода борборунун иши токтотулду

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулган соода борборунун иши токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Манас шаарындагы курулуш объектилеринин сапаты, мыйзамдуулугу жана курулуш талаптарынын сакталышы каралды. Натыйжада Б.Аттокуров көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу соода борбору уруксат берүүчү документтерсиз мыйзамсыз

Сузактагы паркка 90 млн сомдун каралышы суроолорду жаратты

Сузактагы паркка 90 млн сомдун каралышы суроолорду жаратты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Сузак районундагы Октябрь айылындагы Тукубай Тайгараев атындагы паркты реконструкциялоо иштерин көзөмөлгө алды. Министрликтин башчысы Нурдан Орунтаев билдиргендей, бул объект башында эле баасы жогору коюлган долбоорлордун тизмесине киргизилген. Анын айтымында, парк үчүн жабдууларды сатып алууда бааларды жогорулатуу фактылары аныкталган, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштердин