Меркурий, Венера, Марс планеталары 22-январда Күнгө абдан жакындайт

Меркурий, Венера, Марс планеталары 22-январда Күнгө абдан жакындайт

22-январга карата Жерге эң жакын үч планета — Меркурий, Венера жана Марс — Күнгө максималдуу жакындап, асманда геометриялык фигура болуп тизилерин Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдирди.

Окумуштуулардын маалыматына ылайык, 22-январда Күн жана үч планета капталы болжол менен 2–3 градуска жеткен дээрлик туура ромб же крест формасын түзөт. Андан кийин сейрек кездешүүчү асман телолорунун парады акырындык менен тарай баштайт.

Жер тургундары сейрек кездешүүчү планеталар парадын 22-январда көрө алышат. Январь айынын аягына чейин биринчи болуп Күндөн Меркурий алыстай баштайт. Февраль айынын ичинде Венера, андан кийин Марс акырындык менен Күндөн алыстайт.

Астрономдор белгилегендей, үч планетанын Күнгө жакын кайрадан биригиши, бирок кеңири конфигурацияда — 10 градуска чейинки аралыкта — 2038-жылдын сентябрь айында гана болот. Ушуга байланыштуу 22-январда байкалган бул кубулуш кеминде ушул кылымдын алкагында уникалдуу көрүнүш болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин аталган тилкени «Айдоочулар союзу» ЖЧКсы пайдаланып келген. Аймакта ар кандай унаалар токтотулуп, жер шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөстөн колдонулуп келген. Учурда мэрия тарабынан бул жер кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүлдү. "Айдоочулар союзу&