Кытайда 8 юандык Sileme колдонмосу эң төлөмдүү колдонмого айлана баштады

Кытайда 8 юандык Sileme колдонмосу эң төлөмдүү колдонмого айлана баштады

Кытайда жалгыз адамдар үчүн арналган Sileme аттуу колдонмо популярдуулукка ээ болууда. Колдонмонун аталышы "Сен өлдүңбү?" деп которулат. Бул тууралуу Global Times басылмасы жазды.

Колдонмо колдонуучудан күн сайын өз абалын билдирип турууну суранат. Эгер колдонуучу эки күн катары менен активдүүлүк көрсөтпөсө, система анын байланыш адамына электрондук почта аркылуу эскертүү жөнөтөт. Мунун жардамы менен жакындары адамдын башына бир нерсе түшсө, ыкчам билип калууга мүмкүнчүлүк алат.

Sileme App Store’догу эң көп жүктөлгөн төлөмдүү колдонмолордун рейтингин баштады. Иштеп чыгуучулардын айтымында, акыркы күндөрү жүктөөлөрдүн саны 100 эседен ашык көбөйгөн. Колдонмону колдонуу баасы — 8 юань.

Колдонмонун интерфейси жөнөкөй: анда бир гана "Белги коюу" баскычы бар. Иштеп чыгуучулар аны жалгыз адамдар үчүн "жеңил коопсуздук куралы" деп мүнөздөшөт.

Долбоорду 30 жашка чыга элек үч жаш ишкер көз карандысыз стартап катары иштеп чыгышкан.

Колдонмо Кытайда вирус сыяктуу тез таралып, социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Айрым колдонуучулар сервистин аталышы Кытайдын маданий салттарына туура келбейт деп сынга алып, аны Hupzheme ("Сен тирүүсүңбү?") деп өзгөртүүнү сунуштоодо.

Сынчылардын айтымында, Sileme улгайган адамдар үчүн гана эмес, жалгыз жашаган жаштар үчүн да пайдалуу кызмат. Долбоордун командасы билдиргендей, келечекте билдирүүлөрдү SMS аркылуу жөнөтүү, билдирүү алмашуу функциясын кошуу жана улгайган адамдарга ыңгайлуу чечимдерди иштеп чыгуу пландалууда. Ошондой эле жаңы аталыш боюнча сунуштар да караларын белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;