ChatGPT платформасында жарнаманы тестирлөө башталат

ChatGPT платформасында жарнаманы тестирлөө башталат

OpenAI компаниясы жакынкы убакта АКШда акысыз тарифтерди колдонгон жана ChatGPT Go колдонуучуларынын арасында жарнаманы тестирлөө башталарын билдирди.

Компаниянын маалыматына ылайык, жарнама көбүрөөк колдонуучуларга жасалма интеллект куралдарын азыраак чектөөлөр менен же таптакыр акысыз колдонууга мүмкүнчүлүк берүү максатында киргизилүүдө.

OpenAI компаниясы төмөнкүлөрдү убада кылды: тестирлөө учурунда өзүнүн жашы 18ге чыга элек экенин көрсөткөн аккаунттарда жарнама көрсөтүлбөйт. Мындан тышкары, жарнамалар саламаттык сактоо же саясат сыяктуу аяр мамиле кылуучу же жөнгө салынган темалардын жанында жайгаштырылбайт.

Ошондой эле компания ChatGPT колдонуучуларынын маалыматтары жана кат алышуулары жарнама берүүчүлөргө сатылбай турганын жана жарнама нейротармактын жоопторуна таасир этпей турганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда мүлктүк теңсиздик жогору бойдон калууда. Улуттук статистикалык комитеттин бюллетенине ылайык, калктын жалпы акчалай кирешесинин 47%ы эң камсыз болгон 20% жарандардын колунда топтолгон. Экономикада бул көрсөткүч квинтилдик коэффициент деп аталат. Ал коомдогу социалдык теңсиздиктин деңгээлин көрсөтөт. Калктын бештен бири дээрлик бардык каражаттын жарымына ээ болушу капиталдын

Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Бүгүн Бишкек шаарында “Жергиликтүү өнүгүүнү жана миграция мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө: “1+1” шайкеш гранттар программасы жана дипломатиялык платформа” аттуу иш-чара өтүп, коопсуз жана мыйзамдуу миграция жолдорун кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлордун жыйынтыктары сунушталды. Иш-чаранын жүрүшүндө Эл аралык миграция уюму (ЭМУ/МОМ) ишке ашырып жаткан “1+1” пилоттукпрограммасынын жыйынтыктары,

Жакынкы Чыгыштан 2200дөй кыргызстандык эвакуация кылууну суранган

Жакынкы Чыгыштан 2200дөй кыргызстандык эвакуация кылууну суранган

4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн эвакуациялоо өтүнүчү менен дипломатиялык өкүлчүлүктөргө болжол менен 2200 кыргызстандык кайрылганын билдирди. Бириккен Араб Эмираттары БАЭден эң көп кайрылуулар түшкөн жана бул жакта болжол менен 10 миңге жакын кыргызстандык бар. Алардын ичинен 1200 адам эвакуация сураган. Көпчүлүгү

Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди

Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди

Жыл башынан бери 20 компаниянын лицензия алуу боюнча арыздары каралып, канааттандырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, берилген лицензиялардын ичинен 12си көмүр, 3ү мунай жана газ, 3ү алтын, ал эми 2си курулуш материалдары (неруддук материалдар) боюнча берилген. Белгиленгендей, кабыл алынган чечимдер тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө