Дүйнөдөгү эң чоң сапфир Шри-Ланкада табылды
Шри-Ланкада салмагы 3 миң 563 карат болгон дүйнөдөгү эң ири кочкул кызгылт жылдыздуу сапфир тааныштырылды. Баалуу таш кеминде 300 миллион долларга бааланууда деп билдирет Associated Press.
Сапфирге "Таза жердин жылдызы" деген ат берилген. Ал дүйнө жүзүндө катталган эң чоң табигый кочкул кызгылт жылдыздуу сапфир болуп эсептелет.
"Бул сапфирде так байкалган астеризм бар. Ал алты нурлуу астеризмге ээ. Бул өзгөчө көрүнүш — башка таштарга такыр окшобойт", — деп белгиледи геммология боюнча консультант Ашан Амарасингхе.
Жылмаланган баалуу таш Star of Pure Land Team аттуу топко таандык. Коопсуздук себептеринен улам анын мүчөлөрү өздөрүнүн ысымдарын ачыкка чыгарууну каалашкан жок. Ээлеринин айтымында, сапфир 2023-жылы Шри-Ланканын түштүк-батышындагы Ратнапура шаарынын жанынан табылган.