Казакстан Тынчтык кеңешине 1 млрд доллар кошпой киргенин билдирди

Казакстан  Тынчтык кеңешине 1 млрд доллар кошпой киргенин билдирди

Казакстан Дональд Трамптын демилгеси менен түзүлгөн Тынчтык кеңешине эч кандай каржылык салым кошпостон мүчө болгонун "Казинформ" мамлекеттик агенттиги Ак ордонун басма сөз кызматына шилтеме берип маалымдады.

Ак ордонун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Тынчтык кеңешине кирүү үчүн мамлекеттин эгемен чечими гана талап кылынары белгиленген. Кеңешке мүчө болгон күндөн тартып, мамлекеттин анда болуу мөөнөтү үч жылды түзөт. Уставда көрсөтүлгөн 1 млрд доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу салым мүчөлүккө кирүүнүн милдеттүү шарты болуп эсептелбейт. Бул — ар бир катышуучунун өз укугу.

Маалыматка ылайык, эгерде мамлекет алгачкы бир жылдын ичинде 1 млрд доллар өлчөмүндө салым кошсо, анда ал кеңештеги катышуусун белгиленген үч жылдык мөөнөттөн узартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

22-январда Швейцариянын Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Тынчтык кеңешинин уставына кол койду. Аземге Казакстандын президенти менен катар 18 өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрү катышты.

Ошол эле учурда Bloomberg агенттиги АКШ администрациясы Кеңеште туруктуу орун алууну каалаган мамлекеттерден кеминде 1 млрд доллар салым кошууну суранып жатканын жазган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Кыргызстанда болжол менен 2300 ветеринар керек, бирок учурда болгону 1200 адис гана иштеп жатат. Бул тууралуу радио эфиринде Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын башчысы Абай Казаков билдирди. Анын айтымында, административдик-аймактык реформадан кийин айыл өкмөттөрүнүн саны 400дөн 235ке чейин кыскарган.

Кыргызстан Кытайга экологиялык таза продукция экспорттоону көбөйтөт

Кыргызстан Кытайга экологиялык таза продукция экспорттоону көбөйтөт

Кыргызстандын соода өкүлү Кытайдын Чэнду шаарында экологиялык таза продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Экономика жана коммерция министрлигинин Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлү Жусубали Торомаматов Чэнду шаарында "Chengdu International Trade Group Co., Ltd." мамлекеттик соода корпорациясынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргызстандан

УКМК кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

УКМК кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан акча каражаттарын мыйзамсыз өздөштүрүп келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып, жеке кызыкчылыктарын

Касымалиев Boston Consulting Group менен кызматташууну кеңейтүүнү талкуулады

Касымалиев Boston Consulting Group менен кызматташууну кеңейтүүнү талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Бостон Консалтинг Групп” (Boston Consulting Group) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда кызматташуунун келечектүү багыттары жана Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштер талкууланды. Белгиленгендей, акыркы эки жылда тараптардын ортосунда ишенимдүү жана мазмундуу кызматташтык түзүлүп, компаниянын колдоосу менен