Кыргызстанга 2025-жылы 21 миллионго жакын чет өлкөлүк кирген

Кыргызстанга 2025-жылы 21 миллионго жакын чет өлкөлүк кирген

Кыргызстанга 2025-жылы 20 млн 978 миң 965 жаран чет өлкөлүк жаран кирген. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 18,6%га көп экенин Чек ара кызматы 23-январдагы маалыматтарына шилтеме кылуу менен "Азаттык" жазды.

Маалыматта 2024-жылы 17 млн 682 миң 929 чет өлкөлүк кирген болсо, 2023-жылы бул көрсөткүч 17 млн 480 миң 097 адам болгону көрсөтүлгөн.


Чек ара кызматынын маалыматына караганда 2025-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу жалпы (кыргызстандыктар да, чет элдиктер да) 37 млн 50 миң 223 адам кирип чыккан. Анын ичинен 18 млн 574 миң 22 адам кирген болсо, 18 млн 476 миң 201 киши Кыргызстандан сыртка чыккан.


Ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу 3 млн 260 миң 642 транспорт каражаты өтсө, анын ичинде 1 млн 690 миң 357 унаа өлкөгө кирген.

Мекеме ошондой эле чек ара жана миграция мыйзамдарынын сакталышына катуу көзөмөл жүргүзүлгөнүн белгиледи. Ага ылайык, 2025-жылы документтери талапка жооп бербеген 28 миң 593 адам аныкталып, алардын ичинен 28 миң адам чек арадан өткөрүлгөн эмес. Өлкөдө болуу эрежелерин бузганы үчүн 2 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран депортацияланган.

Кыргызстанда жүргөн чет элдик жарандардын көбү куруу жана тигүү тармагында эмгектенет. Мамлекеттен өлкө аймагында иштөөгө квота алгандардын саны 36 миң. Алардын 15 миңи Кытайдын, 3,8 миңи Пакистандын, калганы Түркия, Бангладеш жана башка өлкөлөрдүн жарандары.

Өкмөттүн тиешелүү тескемесине ылайык, 2025-жылы чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдарга 42 миң квота берилген. 2024-жылы Кыргызстанга келип иштейм деген чет элдиктерге 25 миң квота бекитилген.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;