Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз моноблоктордон үй куруу технологиясын иштеп чыгып, патенттеди

Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз моноблоктордон үй куруу технологиясын иштеп чыгып, патенттеди

Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО боюнча БУУдагы туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз жеңил конструкциялардан — моноблоктордон турак жай куруунун жаңы технологиясын иштеп чыгып, аны патенттеген.

Ал бул технология жеңил жука болот конструкциялары, структуралык-изоляциялык панелдерге, ошондой эле фин жана канадалык курулуш ыкмаларына альтернатива экенин билдирди.

Курулуш идеясы кыргыз боз үйүнүн архитектуралык философиясынан улам келип чыккан.

«Биздин боз үй — миңдеген жылдар бою тажрыйба жүзүндө өзүнүн бекемдигин далилдеген эң чыдамкай конструкция», — деп белгилейт Шер-Нияз.

Жеңил үйлөр Lego конструктору сыяктуу принципте өтө кыска убакытта курулат. Курулуш аба ырайына көз каранды эмес, демек сезондук чектөөлөр да жок. Ошол эле учурда конструкция дээрлик каалаган жылуулук изоляциялоочу материалдар менен толтурууга же жылуулоого мүмкүнчүлүк берет.

"Бул — тез курулуучу үйлөрдүн жаңы технологиясы. Бүгүнкү күндө турак жай курууга өтө көп убакытты жана каражатты коротуп жатабыз — курулуш маданиятын өзгөртүүгө убакыт келди. Жаңы доор коомдун алдына жаңы чакырыктарды коюуда: биз технологиялык доорго кадам таштадык, анда баары тездик менен өнүгүүдө. Ошондуктан дүйнө менен кошо биз да өзгөрүшүбүз керек. Үйлөрдү куруунун жаңы философиясын — рационалдуу, ыкчам жана үнөмдүү ыкманы калыптандыруу маанилүү", — дейт Шер-Нияз.

Мындан тышкары окуңуз

УКМК төрагасы 11-февралдан бери 83 адам кызматтан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылганын билдирди

УКМК төрагасы 11-февралдан бери 83 адам кызматтан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 11-февралдан бери УКМК ички иликтөө жүргүзүп, анын жайынтыгында 7 адам атайын кызмат системасынан кетирилгенин ЖМКларга берген маегинде айтты. Ошондой эле ал 83 киши кызматынан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылганын, 6 киши атайын кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылганын билдирди. Эске салсак, Президент

Ноокат районунда түз себүү технологиясы менен 113 гектар жерге сафлор эгилди

Ноокат районунда түз себүү технологиясы менен 113 гектар жерге сафлор эгилди

Ноокат районундагы “Кызыл Кашташ” кооперативи 113 гектар аянтка түз себүү технологиясы менен сафлор өстүрө баштаганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган кооператив райондо биринчилерден болуп сафлор өстүрүүгө киришти. Жаңы ыкма — жерди айдабай туруп түз себүү — өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, кыртыштын нымдуулугун сактоого жана талаа жумуштарын

Гектарынан 15 тонна спаржа өндүрүп, килограммын сыртка 7 доллардан экспорттогон Чубак Орозалиев

Гектарынан 15 тонна спаржа өндүрүп, килограммын сыртка 7 доллардан экспорттогон Чубак Орозалиев

Акыркы жылдарда мурда чет өлкөлөрдөн экспорттолуп, өлкө ичинде кымбат баада сатылып келген айыл чарба өсүмдүктөрүн заманбап агротехнологиялар менен өндүргөн фермер, дыйкандар көбөйө баштаганы кубандырат. Бул биринчиден, ички рыноктогу импортук товарларды азайтууга салым кошсо, экинчиден, фермер жакшы киреше табуу менен бирге кыргызстандыктардын тамак-аш рационун байытат.  Бул сапар бизге Кыргызстанда жашыл спаржаны

Кыргызстандыктар эми Азербайжан университеттеринде бюджеттик негизде окуй алышат

Кыргызстандыктар эми Азербайжан университеттеринде бюджеттик негизде окуй алышат

Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк студенттерди Азербайжандын жогорку окуу жайларында окуусун колдоо максатында "Гейдар Алиев атындагы Эл аралык билим берүү гранты" программасы ишке киргизилгенин Кыргыз Республикасындагы Азербайжан элчилиги билдирди. Конкурска Кыргызстандын жарандары да катышып, 2026–2027 окуу жылына билим ала алышат. Окуу Азербайжандын жогорку кесиптик