Amazon компаниясы дагы 16 миң кызматкерин кыскартат

Amazon компаниясы дагы 16 миң кызматкерин кыскартат

Эң ири онлайн дүкөндөрдүн бири Amazon компаниясы октябрь айындагы кыскартуулардан кийин дагы болжол менен 16 миң жумушчусун кыскартарын пландап жатканын жарыялады.

"Биз бүгүн ишке ашырып жаткан кыскартуулар Amazon’догу болжол менен 16 миң кызмат ордуна таасирин тийгизет. Биз бул өзгөрүүлөргө туш болгон бардык кызматкерлерди колдоо үчүн кайрадан болгон күч-аракетибизди жумшайбыз", — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Өткөн жылдын октябрь айында Рейтер агенттиги Amazon компаниясынын 30 миңге чейинки корпоративдик кызматкери кыскартарын жазган.
Бул билдирүүдөн көп өтпөй компания 14 миң корпоративдик кызматкерин кыскартканын жарыялаган. Андан кийин, январь айында аталган агенттик болжол менен ушундай эле сандагы кызматкерлерди камтыган кыскартуунун экинчи толкуну болорун кабарлаган.

Amazon — дүйнөдөгү эң ири онлайн-ритейлерлердин бири. Компания АКШдан тышкары Канада, Кытай, Бразилия, Япония жана Европа өлкөлөрүндө иш алып барат. Amazon.com интернет-дүкөнү 1995-жылдын июль айында ишке киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.