Садык Шер-Нияз: Депутаттык орунга 20 млн сом коротком

Садык Шер-Нияз: Депутаттык орунга 20 млн сом коротком

Депутат болуу үчүн 300 миң доллар коротконун Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз “Кабар подкастта” билдирди.

Анын айтымында, шайлоо маалында жарнама жана башка иштерге бир топ каражат сарпталат.

“Бүгүнкү күндө шайлоодо мынча короттум деп депутаттар айтып жатышпайбы. Ал толук көрсөтүлгөн суммалар эмес. Кейиштүүсү шайлоодо ошончолук акча кетет экен. Аттарын атабай эле коёюн, бирок, акчасы жок көрүнүктүү маданият ишмерлери, жазуучулар же болбосо тарыхчылар өтө албай калды”, - деди ал.

Эске салсак, айрым ЖМКларда VIII чакырылыштын депутаттары 450 миң сомдон 20 млн сомго чейин коротушканы жарыяланган.

Мындан тышкары окуңуз

Талас шаарында “Баластан”  оюн-зоок борбору курулуп жатат

Талас шаарында “Баластан” оюн-зоок борбору курулуп жатат

Талас шаарында “Баластан” заманбап оюн-зоок борборунун курулушу активдүү жүрүп жатат. Ааталган оюн-зоок борбору Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегинде жайгашып, жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзөт. “Баластан” оюн-зоок шаарчасынын алкагында инновациялык музейлер, лабиринттер, боулинг залы, кинотеатрлар, ошондой эле балдардын интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган борборлордун курулушу каралган. Долбоордун

Tunduk travel долбоорун ишке киргизүү боюнча документке кол коюлду

Tunduk travel долбоорун ишке киргизүү боюнча документке кол коюлду

Санариптик өнүгүү министрлигинде туристтер үчүн улуттук санариптик платформа болгон Tunduk travel долбоорун ишке киргизүүгө негиз түзгөн негизги документтерге кол коюлду. Tunduk travel тиркемеси "бирдиктүү терезе" принциби менен иштелип чыгууда. Анын жардамы менен туристтер мамлекеттик жана сервистик кызматтарды, пайдалуу маалыматтарды, ошондой эле бизнес-сервистерге жеткиликтүүлүктү ала алышат. Платформа этап-этабы менен

Бишкек шаарында автоунаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында автоунаа уурдоого шектелген жаран кармалды

2026-жылдын 17-январында Бишкек шаарынын Б.К. аттуу жараны жазуу жүзүндө арыз менен Свердлов районунун ИИБна кайрылып,  белгисиз адам Зеленая көчөсүндөгү жеке үйдүн жанында токтоп турган «Volkswagen Polo» үлгүсүндөгү автоунааны мыйзамсыз айдап кеткенин билдирген. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул факт боюнча Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан

Сентябрь айына чейин Сокулукта электромобиль чыгаруучу завод курулат

Сентябрь айына чейин Сокулукта электромобиль чыгаруучу завод курулат

Чүй облусунун Сокулук районунда электромобилдерди чыгаруучу завод куруларын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга карата бекитилген иш планына ылайык маалым болду. Ведомствонун маалыматына ылайык, электромобилдерди чогултуу жана өндүрүү боюнча ишкана жеке инвестицияларды тартуу менен 2026-жылдын 30-сентябрына чейин пайдаланууга берилүүсү пландалууда. Долбоордун аткарылышы үчүн Экономика жана коммерция министрлиги, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү,