Кескин кымбаттоолордон кийин алтын баасы дароо түшө баштады

Кескин кымбаттоолордон кийин алтын баасы дароо түшө баштады

Акыркы айларда дүйнөлүк алтын баалары эң олуттуу төмөндөөнү башынан кечирди. Тарыхый рекордду жаңырткандан кийин котировкалар кескин түрдө ылдый бурулуп, эки күндүн ичинде дээрлик 12%га арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү деп жазат "РосБизнесКонсалтинг" компаниясы.

Тренддин кескин өзгөрүшү 29-январда башталган. Бул күнү Чикаго товардык биржасында (CME) апрель айындагы фьючерстер унциясы үчүн 5 миң 626,8 долларга чейин жетип, эң жогорку чекке чыккан. Бирок соода күнүнүн аягына чейин баа 5 миң 126 долларга чейин төмөндөгөн. Бул өзгөрүү жыл ичиндеги эң ири күндүк термелүү болуп калды.

Бүгүн төмөндөө уланды: контракттардын баасы дагы 7%дан ашыкка түшүп, алгач ирет 4 миң 959 доллар деңгээлине чейин жетти. Reuters агенттигинин эксперттерин кошкондо, аналитиктер мындай кескин арзандоону рекорддук көрсөткүчтөрдөн кийин инвесторлордун массалык түрдө кирешени фиксациялашы менен байланыштырууда.

Алтынга кошумча басым доллардын курсунун чыңдалышы жана АКШнын Федералдык резерв системасынын келечектеги жетекчилигине байланыштуу белгисиздиктен улам пайда болду. KCM Trade компаниясынын башкы соода аналитиги Тим Уотерер белгилегендей, рынок АКШ Борбордук банкынын Федералдык резервдик системасынын кийинки жетекчисине талапкер тууралуу жаңылыктарды күтүп, айрым инвесторлор коргоочу активдердеги позицияларын кайра карап чыгууга мажбур болушту.

Макала жарыяланган учурда апрель айындагы фьючерстин баасы унциясы үчүн 5 миң 128,5 долларды түзүп, мурунку соода күнүнүн жабылышына салыштырмалуу 4,76%га төмөн болду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.