Орбитадагы космонавттар күнүнө 400 доллардан киреше табат

Орбитадагы космонавттар күнүнө 400 доллардан киреше табат

Bloomberg агенттигинин орус тилиндеги версиясында жарыяланган маалыматка ылайык, орусиялык космонавттар орбитадагы алты айлык экспедиция учурунда болжол менен 5,5 миллион рубль киреше табышат.

Космонавт Сергей Рязанскийдин айтымында, космоско учуп жүргөн мезгилде анын күнүмдүк кирешеси орто эсеп менен 400 долларды түзгөн. Стандарттуу алты айлык миссиянын ичинде бул сумма 72 миң долларга чейин жетет.

Орусиялык космонавттардын негизги айлык акысы туруктуу негизги эмгек акыдан түзүлөт. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, биринчи учуудан кийин алардын айлык маянасы сый акы жана компенсацияларсыз эсептегенде айына орто эсеп менен 130–140 миң рублди түзөт.

Ошентип, узак мөөнөттүү экспедициялар учурунда космонавттардын кирешесинин негизги бөлүгү дал ошол орбитада иштеген мезгилге туура келет.

Салыштыруу үчүн айтсак, NASAнын астронавттарына эмгек акы башка система боюнча төлөнөт. Алар АКШнын федералдык мамлекеттик кызматкерлери болуп эсептелет жана учуу маалында кошумча "космостук" үстөктөрсүз эле кадимки айлык маянасын ала беришет. Федералдык эмгек акы шкаласына, кызмат ордуна жана иш стажына жараша NASA астронавттарынын жылдык кирешеси орто эсеп менен 100 миңден 160 миң долларга чейин жетет.

Мындан тышкары, NASA астронавттарына символикалык суткалык төлөмдөр гана берилет — күнүнө болжол менен 5 доллар. Алты айлык миссиянын ичинде бул сумма орто эсеп менен 1 миң долларды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткенде быйыл 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасына өтөт

Баткен облусунда быйылкы жылы 933 гектар жер тамчылатып сугаруу системасы аркылуу кошумча иштетилет. Бул жерлер таштак жана суусуз болгондуктан буга чейин иштетилген эмес. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, айдоо аянттарын көбөйтүү “Айыл чарба системаларында энергетикалык инновацияларды кеңири жайылтуу үчүн алкактык шарт түзүү” деп аталган долбоордун аркылуу ишке ашып жатат.

Тай-Мурас Ташиев  ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

Тай-Мурас Ташиев ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты

УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты. Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады. "Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл”

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.